Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 20-СЕНТЯБРЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Сеул, Түштүк Корея. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Сеул, Түштүк Корея. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 13—15-сентябрь

  • Өткөрүлгөн жери: «КИНТЕКС» эл аралык көргөзмө борбору, Сеул, Түштүк Корея

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, вьетнам, индонезия, корей, кытай (мандарин), орус

  • Катышкандардын жогорку саны: 60 082

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 478

  • Эл аралык делегаттардын саны: 6 076

  • Чакырылган филиалдар: Бразилия, Вьетнам, Греция, Индонезия, Казакстан, Кошмо Штаттар, Малайзия, Скандинавия, Финляндия, Франция, Чехословакия

  • Жергиликтүү окуя: Делегаттарды түшкү тамак менен камсыз кылган азык-түлүк компаниясынын деректири Цой Жи-юң мындай деген: «Жумушчулардын бири бул жыйындын аркасында Жахабанын Күбөлөрүнүн табиятынан боорукер, жумшак экенин көрө алганын айткан. Чет өлкөдөн келген жана корей улутунан болгон жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү өмүрүндө биринчи жолу жолугушуп жатса да, бири-бирине сүйүү көрсөткөнүн көрүп, өзүм да аябай таасирлендим. Мен үчүн жакын достор кайрадан көрүшүп жаткандай эле болду. Буга чейин башка көптөгөн диндердин жолугушууларына катышып көргөм. Бирок Жахабанын Күбөлөрү тарабынан даярдалган бул жыйын өзгөчө өттү».

    Экскурсия агенттигинин башкы деректири Эн Сан-жу мындай деп ой бөлүшкөн: «Жахабанын Күбөлөрүнүн канчалык жумшак экенин жана дайыма күлүп-жайнап жүрөрүн көрүп, айдоочуларга аларга окшоп күлүп-жайнап жүрүшү керектигин атайын кулактандырайын дедим. Башында мунун сыры эмнеде болду экен деп ойлонгом. Анан Жахабанын Күбөлөрү менен кызматташкандын аркасында алардын бири-бирин чындап жакшы көрөрүн, урматтап-сыйлаарын жана окутканына жараша жашаарын көрдүм. Ошондо жүрөгүм ушунчалык козголду. Ар биринин чын эле эч кандай акы албай эмгектенип жатканын көрүп, аябай таң калдым. Бири-бирин кунт коюп угуп, дайыма жылмайып жооп кайтарып жатканын байкаганда мен да алардай болуш үчүн эмне кылсам деп ойлоно баштадым. Мүмкүнчүлүк болсо, Жахабанын Күбөлөрү менен сөзсүз дагы бир жолу кызматташмакмын».

    «МБС Мунгхуа» телестанциясына таандык «Тангем» сейил багынын башкы деректири Ким Жйо-Шик мындай деген: «Жахабанын Күбөлөрү уюштурган экскурсия укмуштуудай сонун болду. Өзүм католик динин тутсам да, бул окуядан Исанын чыныгы жолдоочуларынын жүрүм-туруму кандай болушу керектигин түшүндүм. Бул жакта иштегендердин баары, анын ичинде мен да Жахабанын Күбөлөрүнүн бири-бири менен канчалык мыкты кызматташарын, канчалык уюшулгандыкта иш алып барарын көрдүм. Алар башкаларга да жылуу-жумшак мамиле кылышат экен. Биздин комплекстен атүгүл кичинекей нерселерди да уруксат сурап алып жатышты. Өзүм да Жахабанын Күбөсүндөй болуп, алар менен аябай сыймыктанып жаттым».

 

Бир туугандар аэропорттон эл аралык делегаттарды тосуп алып жатышат

Эл көп жерде кабар айтуу ишине катышып жаткан делегаттар менен жергиликтүү жарчылар

Жергиликтүү эже-карындаштар эртең менен жыйын өткөн жерге келаткан делегаттарды жылуу тосуп алып жатышат

Башка өлкөдөн келген бир тууган жергиликтүү бир тууганды кызы менен чогуу сүрөткө тартып жатат

Жыйындын ишемби күнкү программасын угуп жаткан делегаттардын калың тобу

Бир ишенимдешибиз көзү көрбөгөн, кулагы укпаган бир тууганга тактилдик ыкма менен чөмүлө тургандарга берилчү суроону которуп берип жатат

Жыйында айтылгандарды кунт коюп угуп, ойлорду жазып отурган үч эже-карындаш

Стивен Летт бир тууган ишемби күндүн соңку баяндамасын айтууда

Чөмүлө тургандар үчүн коюлган бассейндердин үстү жагынан тартылган сүрөт, ишемби күнү түштөн кийин

Жекшемби күндүн соңунда атайын толук убакыт кызмат кылган кызматчылар башкаларга кол булгалап жатышат

Айрымдары улуттук кийим кийген бир туугандар сүрөткө түшүп жатышат

Кореядагы Бейтелде өткөн ачык эшиктер күнүнө келген делегаттар кынтыксыздык сактаган миңдеген бир туугандардын сүрөттөрүн көрүүдө

Уюштурулган экскурсиялардын биринде ар кайсы өлкөдөн келген делегаттар жергиликтүү эже-карындаштар менен сүрөткө түшүп жатышат

Делегаттар үчүн «пучечум» деп аталган улуттук корей бийин бийлеп берген кыздар сүрөткө түшүп жатышат