26-МАЙ, 2020
ТҮШТҮК КОРЕЯ
Түштүк Кореядагы ири жайлардын ээлери Жахабанын Күбөлөрүнүн бул жылкы жыйындарын онлайн өткөрүүнү чечкенин туура көрүштү
Түштүк Кореядагы чоң жайлардын администрация өкүлдөрү 2020-жылдын региондук жыйындарыбызды стадиондордо эмес, онлайн өткөрүүнү чечкенибизди кош колдошту. Алар бизди рухий жактан билим берүү программага карманганыбыз, ошол эле учурда коомчулуктун саламаттыгын ойлогонубуз үчүн макташты. Алдын ала төлөнгөн шертпулдар толугу менен кайтарылды.
Сеулдагы ошондой бир имараттын ээси мындай деди: «Жагдайды эске алып, Жахабанын Күбөлөрү акылдуу чечим чыгарат деп күтүп жаткам. Биз силерди абдан жакшы көрөбүз. Биздин чөлкөмдө элди ойлоп, жакшылыгын аябаган дагы башка диний уюм бар болду бекен деп ойлоном. Жахабанын Күбөлөрү өзүнүн эмес, башкалардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшат. Бул жылы имаратыбызды колдонбой калганыңарга кейип жатабыз дечи. Бирок келечекте кайра жыйын өткөрөбүз десеңер, кызматташканга дайым даярбыз».
Сувон шаарында да администрация кызматкерлеринин бири мындай деди: «Жахабанын Күбөлөрү биздин имаратты 35 жылдан бери ижарага алышат. Аларды дайым кубана тосуп алабыз. Жайыбызды өзүнүн мүлкүнөн бетер аяр колдонушат. Эми болсо, COVID-19 пандемиясынан улам өкмөт чыгарган чечимди сыйлаганын көрүп, аларды ого бетер урматтап калдым. Элди ойлошконуна таасирленип турам. Эмдиги жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн бизге келишин чыдамсыздык менен күтөм».
Ошондой чоң жайдын жанындагы аэропортто иштеген бир кызматкер: «2018 жана 2019-жылдары алардын [Жахабанын Күбөлөрүнүн] канчалык тартиптүү экенин, көрсөтмөлөргө дароо баш иерин байкадык. Быйылкы жыйындарын башкача жол менен өткөрүүнү чечкени, алардын башкаларды ойлой турганынан кабар берет. Аларга баа бердим. Элдин баары эле Жахабанын Күбөлөрүндөй болсо, сонун болмок деп ойлойбуз»,—деди.
Биз Жахабага сүйүүнү туура көрсөтүүгө үйрөтүп жатканына абдан ыраазыбыз. Мунун башкаларга да айдан ачык болуп жатканына кубанып жатабыз (Матай 22:39).