Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөсүнүн өрттөнүп кеткен үйү

2019-ЖЫЛ, 25-АПРЕЛЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Кореянын чыгыш жагындагы токойду жалмаган өрт

Түштүк Кореянын чыгыш жагындагы токойду жалмаган өрт

2019-жылдын 4-апрелинде Түштүк Кореянын чыгыш жагында жайгашкан Канвон провинциясындагы токойдо чоң өрт чыккан. Өрт тездик менен жайылгандыктан, өкмөт өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туулганын жарыялаган. Өрттү өчүргөнгө чейин ал 1 600дөн ашуун гектар жерди жалмап, эки кишинин өмүрүн кыйган.

Филиал бир туугандардын эч кимиси жаракат албаганын билдирген. Бирок бир туугандардын 8 үйү өрттөнүп кеткендиктен, 27 бир тууган зыянга учураган. Кырсык болгондо жардам берүү комитети жана ошол аймактагы райондук көзөмөлчү жыйналыштагы аксакалдар менен бирге филиалдын көзөмөлү астында иш алпарып, кырсыктан жапа чеккендерди Ыйык Китептин негизинде жубатууда жана керектүү жардамды көрсөтүүдө.

Биз «баш маанабыз, күчүбүз, кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз» болгон Жахаба Кудайдын ал бир туугандарга кам көрөрүнө бекем ишенебиз (Забур 46:1).