Мазмунун көрсөтүү

Президентке кайрылуу арызын даярдоо боюнча өнөктүккө катышкан Жахабанын Күбөсү болгон түштүк кореялык үй-бүлө

2018-ЖЫЛ, 1-МАРТ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Кореядагы Жахабанын Күбөлөрү абийиринен улам аскерден баш тарткандардын маселесин чечип беришин сурап, президентке кайрылышты

Түштүк Кореядагы Жахабанын Күбөлөрү абийиринен улам аскерден баш тарткандардын маселесин чечип беришин сурап, президентке кайрылышты

Акыркы убакта Түштүк Кореяда болуп жаткан окуялардан улам өкмөт, адамдардын негизги укуктары сыйланышы үчүн, чоң өзгөрүүлөрдү кылышы мүмкүн деген бүтүмгө келүүгө болот. 2017-жылдын 7-декабрында Түштүк Кореянын президенти Чже Ин Мун Адам укуктары боюнча улуттук комиссиянын (АУУК) өкүлдөрү менен жолугуп, эл аралык талаптарга жооп бериш үчүн Корея өкмөтү адам укуктарын коргоо боюнча кайсы жактардан жакшырса болорун сурады. Президент Мун АУУКтун өкүлдөрүнөн өлкөдөгү абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды түрмөгө камоо мыйзамын жоюуга жардам бере турган кандай сунуштары бар экенин да сурады.

Жалпы коомчулукка маалым болгон ошол жолугушуудан кийин Түштүк Кореядагы Жахабанын Күбөлөрү президентке өтүнүч менен кайрылуу үчүн кол топтоо боюнча өнөктүк уюштурушту. Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды түрмөгө камоо боюнча мыйзам Жахабанын Күбөлөрүнүн бир нече муунуна залакасын тийгизип келет. Президент Мун өкмөттүн тийиштүү органдарына жарандардын өтүнүч менен кайрылуусуна жооп кайтарууну буйруду. Ал кайрылууда абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар 70 жылдай убакыттан бери туш болуп келаткан көйгөйдү чечип беришин суранган Жахабанын Күбөлөрүнүн өтүнүчү камтылат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалы президентке кайрылуу арызын даярдады

Өтүнүч менен кайрылуу боюнча өнөктүк төрт жуманын ичинде жүргүзүлүп, кол топтолуп бүткөн. Кайрылуу арызына абийиринен улам аскерден баш тартканы үчүн кылмышкер катары түрмөгө камалган 14 000ден ашуун киши жана ошондой жазага тартылгандардын 26 000ден ашуун жакындары кол коюп беришкен.

Кайрылуу арызы президенттин кеңсесине 2018-жылдын 15-январында берилди

41 275 Жахабанын Күбөсүнүн атынан 6 өкүл 2018-жылдын 15-январында кайрылуу арызын президенттин кеңсесине алып барышкан. Арызда Жахабанын Күбөлөрү ушул ишке кызыкдар болуп жатканы үчүн президентке ыраазы экенин билдиришкен. Ошондой эле абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын 70 жылдай убактан бери кандай кыйынчылыктарга туш болуп келатканын жана бул маселенин чечилиши өкмөткө эле пайда алып келерин баса белгилешкен. 2018-жылдын 16-январында президенттин кеңсеси Жахабанын Күбөлөрүнүн кайрылуу арызын Улуттук Коргоо Министрлигине жөнөткөн.

Кайрылуу арызы даярдалып жатканда Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлдөрү АУУКтун өкүлдөрү менен да жолугушушкан. Жахабанын Күбөлөрү аларга аскер кызматынан эмне үчүн баш тартышарын Ыйык Жазманын негизинде түшүндүрүп беришкен. Ошондой эле альтернативалык жарандык кызмат кабыл алынса, түрмөдө жөн эле отурган жаш Жахабанын Күбөлөрү ошол программанын чегинде кандайдыр бир кызматтарды аткарууга дайындалып, өкмөткө пайда алып келерин да баса белгилешкен. АУУКтун өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнө абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга байланыштуу маселени көтөрүү АУУКтун 2018-жылы алдына койгон негизги максаттарынын бири экенин билдирген.

Кореяда абийиринен улам аскерден баш тартканы үчүн түрмөдө отургандардын саны ушул эле себеп менен башка өлкөлөрдө түрмөдө отургандардын баарын кошкондо да ашып түшөт. Өкмөт демилгени колго алып, узак убакыттан бери күчүндө келаткан ушул мыйзамды карап жаткандыктан, Жахабанын Күбөлөрү аскердик кызматтан баш тартканы үчүн түрмөдө отурган жаш ишенимдештеринин тарткан азабы ушуну менен биротоло токтойт деп үмүттөнүүдө. Түрмөгө отуруп чыккандардын баарынын мөөнөтүн кошкондо 36 700 жылдан ашат.