Мазмунун көрсөтүү

Юридикалык топ жана үй-бүлө мүчөлөрү менен турган абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын айрымдары (укугун сыйлашын сурап өтүнүч менен кайрылгандан кийин)

2017-ЖЫЛ, 8-СЕНТЯБРЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Кореяда абийири аскердик кызмат өтөөгө жол бербегендерди көпчүлүк жактоодо

Түштүк Кореяда абийири аскердик кызмат өтөөгө жол бербегендерди көпчүлүк жактоодо

Түштүк Кореяда 2015-жылдын июль айында Конституциялык Сотто өткөн сот отурумунан кийин көпчүлүк бир пикирди жактоодо. Түштүк Кореядагы соттордун чечими же жаңы мыйзам чыга элек болгонуна карабай, көптөр абийири аскердик кызмат өтөөгө жол бербегендердин укугу корголушун керек деген көз карашта болууда. Төмөнкү баскычтагы соттор, жалпы коом, юристтер, адам укуктарын коргогон улуттук жана эл аралык уюмдар абийир эркиндигин тебелебей турган чечим чыгарылышы керек деген пикирди колдоодо.

Соттордун көз карашынын өзгөрүшү

2017-жылдын 7-августунан башталган жумада абийири аскердик кызмат өтөөгө жол бербеген жети улан сотто акталып чыккан. Ага чейин мындай чечим чыгарылган эмес болчу. Корея Республикасынын юридикалык тарыхында абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан 19 000ден ашык улан соттолгон. Бирок буга байланыштуу сот ишинде акталган 39 уландын 38инин иши 2015-жылдын май айынан тартып 2017-жылга чейинки убакыт аралыгында каралган. Ошолордун 25и 2017-жылы акталып чыккан.

Айрым соттор Конституциялык Сот буга карата чечим чыгарарына үмүттөнгөндүктөн сот ишин жылдырып келген. Мунун аркасында бул маселеге байланыштуу сот иштери улам топтоло берген. Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын көбүн жактаган жактоочу Ту Чжин О мырза улам кийинкиге жылдырыла берген сот иштеринин саны учурда, бир нече жыл мурункуга салыштырмалуу, беш эсеге өскөнүн байкаган.

Сотто акталгандардын санынын өскөнү (2015-жылы 6, 2016-жылы 7, 2017-жылы 25 киши акталган) жана улам кийинкиге жылдырылган сот иштеринин көбөйгөнү (орто эсеп менен 100дөн 500дөн көбүрөөк санга өскөн) Түштүк Кореядагы укук жаатындагылардын көз карашы өзгөргөнүн көрсөтүп турат.

Байкоочулардын көбү Түштүк Кореядагы соттордун көз карашы өзгөргөнүн көрүүдө. Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды актаган көптөгөн соттор андай жаш уландарды альтернативалык жарандык кызматтын жоктугунан улам жазалоо абийир эркиндигинин корголушуна кепилдик берген мыйзамдын бузулушун көрсөтүп турарын айтышкан. Башкалар болсо эгер адамдын абийири аскер кызматын өтөөгө жол бербесе, бул ага аскер кызматынан баш тартууга «мыйзамдуу түрдө укук берет» деген ойдо.

Коомдун пикири

Адам укуктары таанылып, корголушунда коомдун пикири негизги ролду ойнобосо да, бул маселени чечүүдөн баш тарткан Коргоо министрлиги коомчулуктун колдоосуна ээ боло албай келет. Бирок элдин көз карашы өзгөрүүдө. Алсак, 2005-жылы сурамжылоого катышкандардын 10 пайызы гана абийири аскердик кызмат өтөөгө жол бербегендердин укугу корголушу керек деген пикирде экенин айтышкан. Бирок 2016-жылдын май айында жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы альтернативалык кызматты киргизүү туура деген ойго кошулушкан. Ал эми 2016-жылдын июль айында сурамжылоого катышкан Сеулдагы жактоочулардын ассоциациясынын мүчөлөрүнүн 80 пайызынан көбү бул пикирди колдогон.

Адам укуктарын коргогон уюмдардын пикирлери жана чечимдери

Түштүк Кореянын адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы Түштүк Кореядагы көз караштын өзгөргөнү укук жаатында эмгектенгендерге Улуттук ассамблеянын 2017-жылдын июнь айында баштала турган сессиясында үч мыйзамга өзгөртүү киргизип, альтернативалык кызматты киргизип берүүнү сунуштоого түрткү бергенин көрүшкөн. Ошондой эле ал комиссия ушундай кылууга үндөгөн эл аралык уюмдардын көз караштарын, чечимдерин эске алып, канткенде альтернативалык кызмат эл аралык деңгээлдеги талаптарга жооп берерине байланыштуу сунуштарды изилдеп чыккан. Түштүк Кореянын адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы эл аралык деңгээлдеги талаптарга жооп бере турган жана Жахабанын Күбөлөрүнө да, башкаларга да ылайыктуу боло турган альтернативалык жарандык кызмат тууралуу чыгарган жыйынтыгын Түштүк Корея өкмөтүнө билдирген.

Убада жана өтүнүч

Түштүк Кореянын президенти Чже Ин Мун 2017-жылдын 10-майында өткөрүлгөн инаугурацияда, кызматка киришердин алдында өткөрүлгөн салтанаттуу ант берүү аземинде, укук жаатындагы мурунку адис катары мындай деген: «Абийир эркиндиги — адамдын Конституция кепилдик берген негизги укуктарынын бири жана ал негизги укуктардын баарынан жогору турат. Ошондуктан мен альтернативалык кызмат киргизилет жана абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандыктан түрмөдө отургандар бошотулат деп убада берем».

Өтүнүчтөрдү бийлик өкүлүнө берип жаткан жактоочу

Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан 904 улан бийликке жаңы келген президентке 2017-жылдын 11-августунда өтүнүч менен кайрылып, өкмөттүн абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн түрмөдө отургандарды бошотуп, алардын укугун коргоп беришин жана альтернативалык жарандык кызматты киргизишин суранышкан. Өтүнүч менен кайрылгандардын 360ы ошол учурда түрмөдө отурушкан жана 544үнүн иши ар кайсы баскычтагы соттордо каралып жаткан.

Адам укуктарын коргоо боюнча тарыхка өчпөс из калтырууга мүмкүнчүлүк

Хуан-Су Ким

Өтүнүч менен кайрылгандардын бири, Хуан-Су Ким, мындай дейт: «Мен аскерге эч кандай байланышы болбогон же анын көзөмөлү астында болбой турган, тек гана жарандык милдетимди аткарышыма шарт түзгөн жана эл аралык талаптарга ылайык келген альтернативалык кызматтын киргизилишин эңсеп күтүп жатам. Коомдун жыргалчылыгына өбөлгө түзгөн иштерди кылганга, кырсыктан жабыркагандарга жардам бергенге, дегеле кандай иш тапшырылбасын, баарын кылганга даярмын. Ушундайча элге кызмат кыла алмакмын».

Жахабанын Күбөлөрү да, башкалар да коомдун көз карашынын өзгөргөнү 70 жылдан ашык убакыт бою миңдеген уландарды жазага тартып келген саясаттын өзгөрүшүнө түрткү болушу мүмкүн экенин көрүп кубанууда. Жахабанын Күбөлөрү президент Чже Ин Мунга, Улуттук ассамблеянын мүчөлөрүнө, Түштүк Кореянын укук жаатындагы адистерине абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугу сыйланышына жана алардын каалоосу эске алынышына чын ыкластан көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирет.