Мазмунун көрсөтүү

Сеулдагы Адам укуктары боюнча улуттук комиссиянын башкы башкармалыгы, Түштүк Корея

2017-ЖЫЛ, 25-ЯНВАРЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Адам укуктары боюнча улуттук комиссия абийир эркиндигин сыйлоого үндөөдө

Адам укуктары боюнча улуттук комиссия абийир эркиндигин сыйлоого үндөөдө

2016-жылдын 9-декабрында Түштүк Кореянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы дат арыз менен кайрылгандардын ишине байланыштуу пикирин Конституциялык Сотко жөнөттү. Комиссия абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугун карап чыкты. Комиссия Адам укуктары боюнча акыркы эске алып, адамдардын эң негизги укуктары эч бир жактан чектелбеши жана өкмөт тарабынан корголушу керек деген жыйынтыкка келди.

Көңүлгө аларлык нерсе, комиссиянын ою боюнча, аскер кызматынан баш тартууга «орчундуу себептер» бар. Анткени бул — адамдардын негизги укуктарынын бири. Комиссия өкмөттү Конституция кепилдеген абийир эркиндиги менен аскер кызматын өтөө маселесин тең салмакташтырып чечип, «социалдык альтернативалык кызматты» киргизүүгө үндөдү.

Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды түрмөгө камоо эч кандай пайда алып келбейт. Комиссия буга байланыштуу оюн мындай деп билдирди: «Жазалоо чарасы кылмыш ишинин улантылышына бөгөт коюу же токтотуу максатында көрүлөт. Бирок абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар ошондой чечим чыгарганы үчүн өкүнүшпөйт жана жазадан корккондуктан эле чечимин өзгөртүшпөйт... Мындайда жазалоонун эч кандай пайдасы жок».

Комиссия 2005-жылдын 26-декабрында чыгарган чечимин дагы бир жолу баса белгиледи. Ошол чечимге ылайык, Корея Республикасы жарандардын мекенди коргоо милдетин жана абийири жол бербегендердин укугун эске алып, альтернативалык кызматты киргизиши керек a. Бул комиссияга адам укуктарын коргоого байланыштуу бийлик берилгендиктен, өзүнүн пикирин Конституциялык Сотко жөнөттү. Конституциялык Сот комиссиянын пикирин, сунушун карап чыгышы керек.

«Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укуктары Конституцияда жана эл аралык адам укуктары боюнча мыйзамдарда корголот. Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар өкмөттүн алдындагы милдеттерин аткара алышы үчүн, аларга башка жолдор сунуш кылынышы керек. Эч кандай жолдорун сунуш кылбай туруп, аларды жазалоо абийир эркиндигине байланыштуу мыйзамды бузгандыкка жатат» (Адам укуктары боюнча улуттук комиссиянын чечими, 2016-жыл, 28-ноябрь).

Ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк

Юридика илиминин профессору Жае-сеуң Лии комиссиянын чечимине байланыштуу мындай деген: «Эгер Түштүк Корея „адам укуктарынын жалпы декларациясында“ жазылгандарга ылайык иш кылууну чечсе, анда альтернативалык жарандык кызматты киргизүүнү туура көрүшү мүмкүн. Эгер өкмөт ошондой кыла турган болсо, альтернативалык жарандык кызматка байланыштуу дүйнө жүзүндөгү нормаларды эске алышын сунуш кылмакмын. Бул ушул программанын ийгиликтүү болушуна шарт түзөт».

Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Дэ-ил Хоң мындай деп ой бөлүшкөн: «2012-жылдын августунан бери, тагыраак айтканда, Конституциялык Сот бул ишти кайра кароого киришкенден бери 2 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү түрмөгө камалды. Биз Конституциялык Соттун өмүргө жана тынчтыкка байланыштуу эл аралык мыйзамдарды эске алып чечим чыгарат деп күтүүдөбүз. Ошондой эле мындан ары Жахабанын Күбөлөрүн түрмөгө камабай, аларга абийирине каршы келбеген жолдор менен өкмөткө кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берилет деп үмүттөнөбүз».

a 2008-жылы 11-июлда Адам укуктары боюнча улуттук комиссия Улуттук коопсуздукту коргоо министрлигин абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар үчүн альтернативалык кызматты киргизүүгө экинчи ирет милдеттендирди. Мындан тышкары, комиссия 2007-жылдын 26-ноябрында аскер кызматынан баш тарткандарды кайра-кайра жазалоону туура көрбөй турганын билдирди.