Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 19-ОКТЯБРЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Кореянын апелляциялык соту абийиринен улам аскер кызматынан баш тарткандарды күнөөсүз деп тапты

Түштүк Кореянын апелляциялык соту абийиринен улам аскер кызматынан баш тарткандарды күнөөсүз деп тапты

2016-жылы 18-октябрда Кванжун райондук сотунун апелляциялык сотунда абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан Хи-мин Ким, Лак-хуун Чо жана Хиоң-гюн Ким күнөөсүз деп табылды. Жахабанын Күбөсү болгон ал үчөө Түштүк Кореядагы апелляциялык сотто ушул маселе боюнча айыпсыз деп табылгандардын эң биринчилери болду.

Яң-шик Ким деген сот мындай деген: «Сот алардын диний ишеними үчүн жана абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканын туура көрдү. Дин тутуу эркиндиги жана абийирине жараша иш кылуу укугу конституциялык укук болуп эсептелет. Бул укукту кандайдыр бир жазалоо чаралары менен чектегенге болбойт».

Эгер прокурор чечимге макул болбосо, иш Жогорку Сотто каралат. Буга чейин да 40тан ашуун иш Жогорку Сотко ашкан. Алардын ичинде абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар да бар. Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы жактоочусу Филип Брамли мындай дейт: «Түштүк Кореянын Жогорку Соту менен Конституциялык Соту абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугун сыйлоодон баш тартса да, апелляциялык сот эл аралык мыйзамга ылайык иш кылды. Буга чейин БУУнун Адам укуктары боюнча комитети тарабынан 500дөн ашык ушундай чечим чыгарылган».