2018-ЖЫЛ, 30-НОЯБРЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ
Кореядагы бир туугандарыбыз түрмөдөн бошотулду
Кореядагы филиал 2018-жылдын 30-ноябрында түрмөдө отурган 57 бир тууганыбыздын эркиндикке чыкканын билдирди. Дүйнө жүзүндөгү бир туугандардын баары буга абдан кубанып жатышат. Ошондой эле ырайым көрсөтүп, батасын төккөнү үчүн Жахаба Кудайды даңктоодо (Сандар 6:24—26).
Биз 18 айга кесилген 8 бир тууганыбыздын да жаза мөөнөтүнүн 6 айын өтөгөндөн кийин боштондукка чыгышын сурап тиленип турабыз.