Мазмунун көрсөтүү

Tүштүк Кореянын Конституциялык соту тарыхый чечим чыгарган күнү

2018-ЖЫЛ, 13-ИЮЛЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Кореянын Конституциялык соту диний көз карашынан улам аскерден баш тарткандарга байланыштуу адилеттүү чечим чыгарды

Түштүк Кореянын Конституциялык соту диний көз карашынан улам аскерден баш тарткандарга байланыштуу адилеттүү чечим чыгарды

Түштүк Кореядагы жаш Жахабанын Күбөлөрү абийири жол бербегендиктен, аскер кызматын өтөөдөн баш тартканы үчүн 65 жылдай убактан бери түрмөгө камалып келишкен. 2018-жылдын 28-июнунда, бейшемби күнү, Конституциялык сот өкмөт альтернативалык кызматты сунуштабагандыктан, Аскер кызматына байланыштуу мыйзамдын 5-беренесинин 1-абзацы Конституцияга каршы келет деген тарыхый чечим чыгарды.

Конституциялык соттун сыртында турган, бул иштин кандай чечилерине кызыккан төгөрөктүн төрт бурчунан келген журналисттер

Соттун төрагасы Ли Жин-саң жетектеген 9 соттон турган сот коллегиясы 6 сот колдоп, 3 сот каршы болгон жана өкмөткө эл аралык талаптарга жооп берүүгө, абийир, ой, дин тутуу эркиндигин таанууга түрткү бере турган чечим жарыялады.

Кореядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлдөрү Конституциялык сотто тарыхый чечим чыгар алдында

Жыл сайын Түштүк Кореяда абийиринен улам аскердик кызматтан баш тартканы үчүн камалгандардын саны башка өлкөлөрдөгү ошол себеп менен камалгандардын баарын кошкондогу санынан ашат. Орто эсеп менен алганда, жыл сайын 500—600 ага-ини камалган учурлар да болгон. Абийири аскер кызматын өтөөгө жол бербегендиктен камалгандар түрмөдөн чыккандан кийин кылмышкер катары саналып, көп кыйынчылыктарга, анын ичинде жумушка орношууга байланыштуу көйгөйлөргө кабылышат.

2011-жылдан тартып айрым бир туугандар абийири жол бербегендиктен аскердик кызматтан баш тарткандарга башка жолду сунуштаган мыйзам жок болгондуктан, түрмөлөргө камалып жатканы үчүн Конституциялык сотко доо арыз менен кайрыла башташкан. Ошондой эле 2012-жылдан бери мындай жазаны туура эмес деп эсептеген бир нече сот аскер кызматына байланыштуу маселе кайра каралышы үчүн Конституциялык сотко кайрылышкан.

Кореядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Хоң Даи-ил чечим чыгарылгандан кийин сот залынын сыртында дил маек берүүдө

Конституциялык соттун милдети — мыйзамдын Кореянын Конституциясына ылайык келер-келбесин аныктоо. Конституциялык сот эки жолу (2004, 2011-ж.) Аскер кызматына байланыштуу мыйзамды жактаган чечим чыгаргандан кийин, акыры, ал мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек экенине макул болду. Конституциялык сот Түштүк Корея өкмөтү 2019-жылдын аягына чейин альтернативалык кызматты кошуу үчүн мыйзамга түзөтүү киргизиши керек деп жарыялады. Альтернативалык кызматтын түрлөрүнө ооруканаларда кылынчу иштер жана аскерге эч байланышы жок, коомго пайдасын тийгизе турган иштер кириши кажет.

Бул чечимдин канчалык маанилүү экенин Кореядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Хоң Дэ-илдин сөздөрүнөн билүүгө болот. Ал мындай дейт: «Адам укуктарынын корголушуна зор таасир эткен Конституциялык сот бул маселенин чечилишине негиз түзүп берди. Бир туугандарыбыз башка өлкөлөрдөгүдөй эле, абийирин кыйнабай турган альтернативалык жарандык кызматты аркалап, коомго кызмат кылууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат».

Учурда дагы деле камакта отурган 192 бир тууган жана ар кайсы баскычтагы соттордо иши каралып жаткан 900дөй бир тууган бул чечимдин жыйынтыгы аларга кандай таасир этерин күтүүдө.

Конституциялык соттун бул тарыхый чечими Жогорку сотко абийири жол бербегендиктен аскерден баш тарткандарды актоого негиз берет. Жогорку соттогу бардык соттордун чечими абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга каршы козголгон кылмыш иштерин кантип чечсе болоруна таасир этет.

Жогорку сотто 2018-жылдын 30-августунда ачык сот отуруму өткөрүлүп, бул маселе талкууланат. Ошондон кийин буга байланыштуу бир чечим чыгарылат. Ушундайча Жогорку соттогу соттордун баары абийири жол бербегендиктен аскер кызматын өтөөдөн баш тарткандарга байланыштуу маселени 14 жылдан бери биринчи жолу кайра карашат.

Учурда Улуттук ассамблея, Кореянын мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы, Аскер кызматына байланыштуу мыйзамдын үстүнөн иштей баштады.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон мындай дейт: «Биз Жогорку сот кандай чечим чыгарарын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Кореядагы ага-инилерибиз „кимдир бирөө Кудай алдында абийирин таза сактоону каалагандыктан кыйынчылык тартып, адилетсиз түрдө азап чегип жатса, бул Кудайга жагарын“ билгендиктен, эркиндигинен ажыроого да даяр (1 Петир 2:19). Соттун алардын адилетсиз түрдө жазаланып келгенин мойнуна алып, бир туугандарыбыздын берилгендигинен, кайраттуулугунан жазбаганына баа бергенине Кореядагы ишенимдештерибиз менен бирге кубанып жатабыз».