Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөсү болгон Ли Гио-уон аскер кызматынан баш тартканы үчүн 18 айга кесилип, Тэгу шаарынын түрмөсүндө отурат. Ал түрмөдө отурган 100дөн ашык Жахабанын Күбөсү менен 30-августта абийиринен улам аскерден баш тарткандардын ишин карай турган Жогорку соттун чечимин күтүүдө.

2018-ЖЫЛ, 24-АВГУСТ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Абийиринен улам аскер кызматынан баш тарткандар Жогорку сотто өтө турган сот отуруму жакындаган сайын жакшы чечим чыгарына үмүттөнүүдө

Абийиринен улам аскер кызматынан баш тарткандар Жогорку сотто өтө турган сот отуруму жакындаган сайын жакшы чечим чыгарына үмүттөнүүдө

СЕУЛ, Түштүк Корея. 2017-жылдын январь айында 21 жаштагы Ли Гио-уон Түштүк Кореянын сотунун алдында турган. Айта турган сөзүн жакшылап даярдап алган жана аскер кызматынан бошотуларына үмүттөнгөн Ли Гио-уон аскер кызматынан мыйзамга баш ийбегени үчүн эмес, абийири зордук-зомбулук кылууга жол бербегени үчүн баш тартып жатканын айкын түшүндүргүсү келген.

Жахабанын Күбөсү болгон Ли Гио-уондо анын пайдасына чечим чыгарыларына үмүттөнүүгө негиз деле жок болчу. Себеби сотто анын иши каралып жаткан маалда 392 Жахабанын Күбөсү аскер кызматынан баш тартканы үчүн түрмөдө отурган. Алардын баарынын түрмөгө кесилген жылдарын кошкондо, 588 жыл болот. Кореянын өкмөтү адамдын дини аскерден баш тартууга негиз бербейт деп эсептегендиктен, 1950-жылдан бери 19 340тан ашуун Жахабанын Күбөсү түрмөгө кесилген. Баарынын түрмөдө отурган жылдарын кошкондо, 36 800дөй жыл болот.

Анткен менен аскер кызматынан баш тарткандарды түрмөгө камоо туура эмес деген ойдо болгон соттор 2004-жылдан бери 90 Жахабанын Күбөсүн актаган. Мисалы, Пусан аппеляциялык сотунун соту Жоң-ду Чой аскер кызматынан баш тарткан ал уландардын чечими «динине ылайык калыптанган бекем көз карашына, таза ниетине негизделерин» айткан.

Акыры, 2018-жылдын июнь айында Түштүк Кореянын Конституциялык соту аскер кызматынан баш тарткандарга альтернативалык кызмат сунушталышы үчүн аскер кызматына байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл деген чечим чыгарган a. Бирок Ли Гио-уон бул тарыхый чечим чыгарылганга чейин түрмөгө камалган. Ал: «Укугум корголушу үчүн мүмкүн болгон нерсенин баарын жасаганыма карабай, учурда Тэгу шаарындагы түрмөдө отурам»,— дейт. Ли Гио-уон 18 айлык жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Аскер кызматын өтөөдөн баш тарткан Жахабанын Күбөлөрү Корея Жапониянын бийлиги астында болгон маалдан бери түрмөлөргө камалып келишет. Ли Гио-уон да ушундай жагдайга туш болгондордун бири. 1939-жылы Жапониядагы эки Жахабанын Күбөсү аскерге кошулбаганы үчүн түрмөгө камалганда, жапон бийлик башчылары Жапониядагы, Тайвандагы жана Кореядагы (ал убакта Чосон деп белгилүү болгон) дагы башка Жахабанын Күбөлөрүн камашкан. Жапон императоруна өзгөчө урмат көрсөтүүдөн жана согушту колдоодон баш тартканы үчүн 38 Жахабанын Күбөсү камакка алынган. Камалгандардын бешөө түрмөнүн оор шарттарынан улам каза табышкан. Көптөрү Жапония жеңилгенде гана, 1945-жылы, эркиндикке чыгышкан.

Абийиринен улам аскерден баш тарткандыктан түрмөгө камалган 19 340тан ашуун Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары.

Жахабанын Күбөлөрүнүн абийири жол бербегендиктен аскерге баруудан баш тартып келатканына 100 жылдан ашты. Ыйык Китепте жазылгандардын жана 1-кылымдагы Исанын жолдоочуларынын үлгүсүнүн негизинде Жахабанын Күбөлөрү адамдардын өмүрүн кыюуга укугу жок экенин түшүнүшөт. Ошондуктан согушка катышуудан баш тартышат. Андан сырткары, өздөрүн Кудайдын Падышалыгынын жарандары деп эсептегендиктен, саясий иштерде бейтараптуулугун сакташат.

Биринчи дүйнөлүк согуштун тушунда Жахабанын Күбөлөрү (ошол учурда Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр деп белгилүү болушкан) согушка баруудан баш тартканы үчүн куугунтуктала башташкан. Британиядагы 400дөй Жахабанын Күбөсү бийликтегилердин талап кылганына карабай, аскерге баруудан баш тарткан. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда болсо Кошмо Штаттарда көп сандагы Жахабанын Күбөлөрү — 4 400дөй киши — абийиринен улам аскерден баш тартканы үчүн түрмөгө камалган.

Көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү бейтараптуулугунан жазбаганга чечкиндүү экенин далилдешкен. Нацисттик режимдин тушунда бейтараптуулугун сакташ үчүн адам чыдагыс азаптарды башынан кечирген Жахабанын Күбөлөрү бул жагынан эң мыкты үлгү калтырган десек жаңылбайт болушубуз керек. Нацисттер 400дөй Жахабанын Күбөсүн, көпчүлүгү абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды, өлүм жазасына тартышкан. Дининен баш тартпаганы үчүн лагерлерде жана түрмөлөрдө отурган Жахабанын Күбөлөрүнүн 1 000ден ашыгы кыйноодон жана оор шарттардан улам көз жумган. Алар, Роберт Герварт аттуу тарыхчы айткандай, «Үчүнчү рейхтин тушунда дини үчүн эле куугунтукталган жалгыз топ болгон».

Башка өлкөлөрдөгү Жахабанын Күбөлөрү деле кыйынчылыктарга туш болуп жатканы чын, бирок Кореядагы Жахабанын Күбөлөрү абийиринен улам аскерден баш тартканы үчүн башка өлкөлөргө салыштырмалуу узак убакыттан бери түрмөлөргө камалып келишет. Ли Гио-уон 8 жашка чыкканда, атасы кырсыктан каза тапкан. Апасы аны Ыйык Китептин негизинде тарбиялап, абийирге ылайык иш кылуу маанилүү экенин үйрөткөн. Ал: «Эмне үчүн жаралганыбызды түшүнгөндө, Жахаба Кудайды аябай жакшы көрүп калгам. Ошол күндөн тартып өмүр бою ага кызмат кылам деп чечип алгам»,— дейт.

Ли Гио-уон түрмөгө отуруп калышы мүмкүн экенин жакшы түшүнчү. Ошондуктан кийин акча таап, жанын багып кете алыш үчүн үйдүн ичин оңдоп-түзөө ишин өздөштүрүп алган. Себеби отуруп чыккандан кийин жумушка орношуу кыйын болорун билчү.

Ли Гио-уон сотто иши каралып жатканда кандай сезимде болгону тууралуу мындай дейт: «Ишенимимден жана абийиримден улам аскер кызматынан баш тартып жаткандыктан күнөөлүү эмес экенимди далилдеп берүүгө ынтызар болдум». Ал ишенимин соттордун алдында тайманбастык менен коргогон Исанын 1-кылымдагы шакирти Степан менен элчи Пабыл тууралуу ой жүгүрткөн. «Алдын ала даярданып көнүккөндүктөн, сот алдында эки жолу сүйлөгөндөй сезимде болдум»,— дейт ал.

2018-жылдын 30-августунда Түштүк Кореянын Жогорку сотунда Конституциялык соттун абийири аскердик кызматты өтөөгө жол бербегендерге тиешелүү чечими каралат. Жогорку соттун чечими учурда ар кандай баскычтагы соттордо каралып жаткан 900 ишке таасирин тийгизет. Ошондой эле түрмөдө Түштүк Кореянын президентинин мунапыс жарыялашын күтүп отурган 117 Жахабанын Күбөсү, анын ичинде Ли Гио-уонго да таасир этет. 30-августта Ли Гио-уон Тэгу шаарындагы түрмөдө отурса да, соттун жүрүшүнө кызыгуу менен байкоо салып турат.

Түрмөгө кесилип, өтүнүчү орундатылбаса да, Ли Гио-уон соттун натыйжасы жакшы болуп, башка ишенимдештерине пайдасы тиерине үмүттөнүүдө. Ал: «Башкаларды жакшы көргөндүктөн жана эң маанилүүсү, Кудайды жана принциптерин сүйгөндүктөн, түрмөгө камалгандардын акыркысы болорума үмүт артам»,— дейт.

Байланышуу:

Эл аралык: Пол Гиллис, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Түштүк Корея: Хоң Дэ-ил, тел.: +82-31-690-0055