Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 30-АВГУСТ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Кореянын Жогорку соту абийиринен улам аскерден баш тарткандардын далилдерин укту

Түштүк Кореянын Жогорку соту абийиринен улам аскерден баш тарткандардын далилдерин укту

2018-жылдын 30-августунда, шейшемби күнү, Түштүк Кореядагы Жогорку соттун бардык соттору абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан үч Жахабанын Күбөсүнүн ишин карады. Корея өкмөтүнүн аскерден баш тарткандарды көп жылдан бери түрмөгө камап келгени коомдо кызуу талкуу жаратып келген. 13 сот тең төрт саат бою Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочуларын жана башкаларды суракка алып жатышты. Ошондой эле соттор Кореянын мыйзам чыгаруучу органын абийиринен улам аскерден баш тарткандарды кылмышкер деп эсептеп түрмөгө камабай, альтернативалык кызматты киргизүүгө милдеттендирген Конституциялык соттун 2018-жылдын 28-июнунда чыгарган маанилүү чечимин талкуулашты. Жактоочулар Соттун үч бир тууганыбызды күнөөлүү эмес деп жарыялап, төмөнкү баскычтагы соттордо каралып жаткан ушу сыяктуу 900дөн ашык ишке чоң таасирин тийгизе турган прецедент жаратышын өтүнүштү. Эми Жогорку Соттун бул үч бир тууганыбыздын иши боюнча качан жана кандай чечим чыгарарын күтүп жатабыз.

Биз түрмөдө отурган 100дөн ашык ишенимдүү бир тууганыбыз менен бирге куткаруучу Кудайыбызды чыдамкайлык менен күтө беребиз (Микей 7:7).