Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 28-ИЮНЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Кореянын Конституциялык соту альтернативалык кызматтын жоктугу Конституцияга каршы келерин жарыялап, тарыхый чечим чыгарды

Кореянын Конституциялык соту альтернативалык кызматтын жоктугу Конституцияга каршы келерин жарыялап, тарыхый чечим чыгарды

2018-жылдын 28-июнунда Түштүк Кореянын тарыхында биринчи жолу Конституциялык сот Аскердик кызмат өтөө боюнча мыйзамдын бир бөлүгүн Конституцияга каршы келет деп жарыялады, анткени анда абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга альтернативалык кызмат сунушталган эмес. Мааниси зор бул чечим 65 жылдан бери келаткан саясаттын – абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды түрмөгө камоо саясатынын – өзгөрүшүнө жол ачат.

1953-жылдан бери 19 300дөн ашуун бир тууган кесилген. Баарынын мөөнөтүн кошкондо 36 700 жылдан ашат. Эми Кореянын Жогорку сотуна абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын ишин кароодо Конституциялык соттун ушул чечимине таянып чечим чыгарууга жол ачылды. Андан тышкары, эми Кореянын мыйзам чыгаруучулары абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга альтернативалык кызматты 2019-жылдын 31-декабрына чейин киргизүүгө милдеттүү.

Баарыбыз Кореядагы бир туугандарыбыз менен бирге ондогон жылдардан бери созулуп келаткан адилетсиздиктин жоюлушуна жол ачылганына кубанып жатабыз (Накыл сөздөр 15:30).