Мазмунун көрсөтүү

Гиоң-чан Пак — аскерден качкандардын тизмесине аты-жөнү жазылып калган 140 Жахабанын Күбөсүнүн бири

2017-ЖЫЛ, 9-ИЮНЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Корея Соту Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдун көз карашын эске алууда

Түштүк Корея Соту Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдун көз карашын эске алууда

2017-жылдын 1-майында Сеул административдик соту Адам ресурстары боюнча аскердик административдик башкармалыктын (АРААБ) иш-аракети, тагыраак айтканда, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды да аскер кызматынан качкандар катары көрсөтүп, эл алдында уят кылганы өтө залакалуу деген чечим чыгарды. Соттун чечимине ылайык, административдик иштерди караган сот органы АРААБга каршы берилген доо арызды карап, чечим чыгарганга чейин АРААБ абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын жеке маалыматын расмий веб-сайтына чыгарганын токтотушу керек. АРААБ бул чечимге макул болду.

Аскерден качкандар эмес

2015-жылдын башында АРААБдын өкүлдөрү абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды аскерден качкандар катары жарыялап, алардын жеке маалыматын веб-сайтка саларын билдирген. АРААБда алар тууралуу толук маалымат бар, себеби алардын баары аскерге чакырылганга чейин абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканын, бирок альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө даяр экенин билдирип кат жазышкан. Ошого карабай 2016-жылдын 20-декабрында АРААБ аларды аскерден качкан кишилер катары жарыялап, аты-жөнүн, жашын, дарегин жана башка маалыматтарды расмий веб-сайтына чыгарып койгон.

Гиоң-чан Пак, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан Жахабанын Күбөсү, ошол веб-сайттан аскерден качкандар деп эсептелген 237 кишинин арасынан өзүнүн аты-жөнүн көрүп, нес болуп калган. Ал мындай дейт: «Мен аскер кызматынан туура ниет менен, абийирим жол бербегендиктен, баш тарткам. Менин чечимимди сынга ала тургандардын болору күмөнсүз. Бирок мага өкмөттүн „качкын“ катары эсептегени катуу тийди. АРААБ Жахабанын Күбөлөрүн жана алардын жарандык милдетин аткаруудан өз жыргалчылыгы үчүн баш тартпаганын жакшы билет. Тизмеден өзүмүн аты-жөнүмдү, дарегимди көргөндө, чынын айтсам, кимдир бирөө үйүмө келип, мага кол салсачы деп корктум».

АРААБга каршы берилген доо арызда веб-сайтка аты-жөнү, жеке маалыматы чыккан 140 Жахабанын Күбөсүнүн бул иш-чарага нааразы экени жазылган. Анткени аскер кызматына байланыштуу мыйзамда берилген аныктамага ылайык, аскерден «олуттуу себепсиз» баш тарткандар «аскерден качкандар» деп эсептелет. Жогорудагы 140 Жахабанын Күбөсү аскерден качкандар да эмес, андан «олуттуу себепсиз» баш тарткандар да эмес экенин билдиришкен. Түштүк Кореянын мыйзамы да, эл аралык милдеттенмелер да абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугу сыйланышын талап кылат. Түштүк Корея өкмөтүнүн бул укукту сыйлашы керектигине байланыштуу иш учурда Конституциялык Сотто каралып жатат.

Бийликтин кыянат колдонулушунун кесепетинде жазаланып жатышат

Аскердик кызматты өтөөгө абийири жол бербегендиктен Жахабанын Күбөлөрү коомчулук тарабынан сын пикирге алынып, ак жерден караланып жатканына абдан кайгырса да, бул чечимине бек турушат. Түштүк Кореядагы ушундай кыйынчылыктарга туш болгон 19 000ден ашуун Жахабанын Күбөсүнүн 60 жылдан ашуун убактан бери түрмөдө отурган жылдарын кошкондо 36 000 жылдан ашып кетет. Аты-жөнү АРААБдын расмий веб-сайтына чыккан кишилер муну жазанын дагы бир түрү деп эсептөөдө. Себеби бул абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн кылмышкер катары эсептелип келген Түштүк Кореядагы Жахабанын Күбөлөрүн дагы бир ирет жаман абалга кептөөдө.

Сотту чыдамсыздык менен күтүп жатышат

Жахабанын Күбөлөрү соттун адам укуктары бузулганын моюнга алганына ыраазы болууда жана административдик иштерди караган сот органы чечим чыгарууда ушул чечимди эске алат деп үмүттөнүүдө. Ошондой эле алар Түштүк Кореянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы сотто бул ишке байланыштуу пикирин билдириши үчүн, расмий өтүнүч даярдап жатышат. Сот иши 2017-жылдын 28-июнунда каралат.