Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 25-ЯНВАРЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

«Ушул жылдагы эң мыкты сот чечими»

«Ушул жылдагы эң мыкты сот чечими»

Хи-мин Ким, Лак-хуун Чо жана Хиоң-гюн Ким соттон күнөөлүү эмес деп табылды. Алар түрмөгө кесилип кетпегенине абдан сүйүнүп жатышат. Бул күтүлбөгөн чечим болду. Себеби Түштүк Кореяда абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан жүздөгөн кишилер жыл сайын түрмөгө түшөт. Жогоруда аты аталган үч жигит түрмөгө камалабыз деп ойлогон. Анткен буга чейин алардын аталары жана 19 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү аскер кызматынан баш тартканы үчүн түрмөгө отуруп келген. Үчөөнүн акталып чыкканы Кванжу апелляциялык сотундагы «күнөөлү эмес» деп табылган тарыхый чечимдердин бири болду.

Апелляциялык соттун чечими «ушул жылдагы эң мыкты чечим» деп табылды

Бул ишке байланыштуу, бери дегенде, 200 жаңылык чыккан. Аларда соттун биринчи жолу «күнөөлүү эмес» деп чечим чыгарганы эле эмес, бул маселеге көптөрдүн кызыгып жатканы да баса белгиленген. Бир гезитке ошол «соттун чечими ушул жылдагы эң мыкты чечим болгону» жазылса, башкасында анын 2016-жылы Түштүк Кореяда өткөрүлгөн соттордун эң мыкты беш чечимине киргени айтылган.

Апелляциялык соттун чечиминен ушул маселеге кызыкдар болгон юристтердин жана соттордун көз карашынын өзгөргөнү көрүнүп турат. Акыркы маалда каралган бир нече сот ишинде соттор соттолуп жаткандардын аскер кызматынан диний ишениминен улам таза ниет менен баш тартып жатканына ынанышкан. Ошондуктан аларды аскер кызматын өтөөгө мажбурлоо же өтөбөгөнү үчүн жазалоо абийир эркиндигине байланыштуу мыйзамды бузгандыкка жатарын түшүнүшкөн. Соттор андай кишилердин аскер кызматынан баш тартууга «орчундуу себеби» бар деген жыйынтыкка келишкен. Андыктан акыркы 20 айдын ичинде каралган сот иштеринде 16 киши күнөөлүү эмес деп табылган.

Абийиринен улам аскер кызматынан баш тарткандарды коргогон Ту-чжин О деген жактоочу мындай дейт: «Иштин кайсы жакка багыт алып баратканы көңүлгө аларлык. Сотто көптөрдүн айыпсыз деп табылып жатканын көрүп кубанып жатам. Жакында эле Жогорку Сот да ушундай чечим чыгарды. Ар бир сот иши бүткөн сайын айыптоочунун сот чечимине макул болбой жогорку баскычтагы сотко кайрыларын күтүп жаттык. Бирок Түштүк Кореянын сот тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам көптөр Конституциялык соттун абийир эркиндигине байланыштуу чечимин күтүп жатышат».

Жолун издеп жатышат

Жумурай журт Түштүк Кореянын Конституциялык сотунун чечимин күтүп жатат. Жогорку сот Конституция кепилдеген абийир эркиндигине байланыштуу мыйзамды, ошол эркиндикке ээ болгон жарандардын диний жана башка себептерден улам аскер кызматынан баш тарткандарды жазалоо чарасын жакшылап изилдеп, таразалоодо.

Кореядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Дэ-ил Хоң мындай дейт: «Эгер Сот диний ишениминен улам абийирине каршы иш кылбай тургандардын абийирин эске алып чечим чыгарса, Түштүк Кореядагы миңдеген үй-бүлөлөр кубанычы койнуна батпай сүйүнмөк. Биз Конституциялык Соттун жаш уландарыбыздын укугун сыйлаган чечим чыгарарын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз».