Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 7-МАЙ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

2018-жылкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндар учурунда Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген адабияттарын сунушташты

2018-жылкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндар учурунда Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген адабияттарын сунушташты

2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин жана 9-мартынан 18-мартына чейин Пйоңчаңда кышкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндар өткөрүлдү. Кореядагы бир туугандар атайы өнөктүк жүргүзүп, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген көптөгөн конокторго Ыйык Китепке негизделген адабияттарын бекер сунушташты.

Бүтүндөй өлкө боюнча бул өнөктүккө 7 100дөн ашуун бир тууган катышты. Көптөр ар кайсы шаарлардан: Пусан, Кванжу, Инчхон, Сеул, Сувон, атүгүл туристтер көп барган жана Пйоңчаңдан 550дөн ашык чакырымдай алыстыкта жайгашкан Чежу аралынан келишкен.

48 жерге, анын ичинде Каннын олимпиадалык паркы менен Пйоңчаң олимпиадалык аянтына 152 адабият текчеси коюлган. Олимпиадалык кыштактын диний борборлорунун биринин кире беришине да ошондой адабият текчесин коюуга уруксат алышкан.

Каннын олимпиадалык паркынын түндүк дарбазасынын жанына эки адабият текчеси коюлган.

Андан сырткары, бийлик башындагылар тез жүргөн поезд жүргүнчүлөрдү Инчхон менен Сеулдан Пйоңчаңга ташыган жана жаңы эле бүткөн Кёнгансон темир жолунун акыркы бекети болгон Каннын темир жол станциясына да адабият текчелерин коюуга уруксат беришкен. Олимпиадалык оюндар ачылган күнү Каннын темир жол станциясы аркылуу 28 000деш ашуун киши өткөн.

Бир туугандар чет өлкөлөрдөн келген 80 000дей кишиге 20дан ашуун тилде, анын ичинде кытай, англис, казак, корей жана орус тилдеринде китеп, китепче, журнал, баракча сунушташты. Ошондой эле корей жаңдоо тилинде жакшы сүйлөгөн бир туугандар Паралимпиадалык оюндарга келген көптөгөн кулагы укпаган кишилерге жаңдоо тилиндеги тасмаларды көрсөтүштү. 71 200дөн көп адабият, анын ичинде 22 000 ден ашуун Эскерүү кечесине чакыруу баракчасы таратылды.

Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзүндөгү 35тен ашык өлкөдө адабияттарын жарнамалоо үчүн 300 000ден ашуун сүйрөмө текчелерди колдонушат. Ушундайча алар адамдарга ар кайсы жерде кабар айтып, кызматын толугу менен аткарып келишет (2 Тиметей 4:5).