Мазмунун көрсөтүү

Жаңы салынган котормо кеңсесинин кире бериши

22-ФЕВРАЛЬ, 2023
ТҮШТҮК АФРИКА

Түштүк Африкадагы филиал венда тили үчүн алыскы котормо кеңсесин ачты

Түштүк Африкадагы филиал венда тили үчүн алыскы котормо кеңсесин ачты

2022-жылдын 7-декабрында Түштүк Африканын Макхадо муниципалитетинде алыскы котормо кеңсеси (АКК) ишке киришти. Ал жердеги котормо тобу толук убакыт кызмат кылган 10 котормочудан жана айрым күндөрү жардам берип турган 8 котормочудан турат.

Түштүк Африкада венда тилинде сүйлөгөндөрдүн саны болжол менен 1 миллион 200 миңге жетет. Зимбабведе дагы 100 000 киши ошол тилде сүйлөйт. Учурда ал эки өлкөдө венда тилинде өткөрүлгөн 28 жыйналыш бар. Жарчылардын саны болсо 800гө жакын.

Ишенимдештерибиз мурунку эски үйдү оңдоп-түзөп, төрт бөлмөлүү батир кылып өзгөртүшкөн. Жанына котормочулар иштей турган жаңы имарат салынган. Аларга жакын жерден жашаганга кошумча 3 батир сатылып алынган.

АКК ошол жактын климатына ылайыкталып курулган. Бул туурасында жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүн жетектеген Жоди Палви мындай дейт: «Биз жакта өзгөчө ысык болот, аба да нымдуу келет. Ошол себептен бактарды кыйган жокпуз. Себеби алардын көлөкөсүндө салкын болот. Ошондой эле имаратка ысык өтпөшү үчүн чатыр карапалар да, жылмаланган бетондор да калыңдатылган».

Солдо: Видео жаздырып жатышат. Оңдо: Котормо тобу иш үстүндө

Котормочулар эми венда тилинде сүйлөгөндөрдүн арасында болуп калышты. «Азыр венда тилинде сүйлөгөн жергиликтүү эл менен күн сайын сүйлөшө алабыз. Бул котормону жакшыртканга, күнүмдүк турмушта колдонулган, элге тааныш сөздөрдү колдонгонго жардам берет»,— дейт бир котормочу. Дагы бири болсо: «Биз азыр венда тилинде сүйлөгөн ишенимдештерибизге жакын жерде кызмат кылып жаткандыктан видеолорду, аудиолорду жаздырганда аларды чакыра алабыз»,— дейт.

Жахаба венда тилинде сүйлөгөн калктын арасында аны даңктап-даңазалап жаткан Түштүк Африкадагы бул ишенимдештерибиздин эмгегине мындан ары да батасын бере береринен шектенбейбиз (Забур 145:21).