Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 13-СЕНТЯБРЬ
ТҮШТҮК АФРИКА

Түштүк Африкада өткөн эл аралык жыйында «Жаңы дүйнө котормосу» үч тилде чыкканы кулактандырылды

Түштүк Африкада өткөн эл аралык жыйында «Жаңы дүйнө котормосу» үч тилде чыкканы кулактандырылды

2019-жылдын 6-сентябрында Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында өткөн эл аралык жыйында Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» 16 миллиондон ашуун киши сүйлөгөн тилдерде: венда, африкаанс жана коса тилдеринде жарык көргөнү кулактандырылды. Анын чыкканын Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис 36 865 киши чогулган «Фест Нашенал Банк» стадионунда жарыялады. Программаны дагы башка сегиз жерде, анын ичинде Лесотодо, Намибияда, Ыйык Елена аралында 51 229 киши укту.

Жаңы Ыйык Китептин өзгөчөлүктөрү тууралуу бир котормочу толкундана: «Эми биз Ыйык Китепти жүрөктү козгогон тилде окуй алабыз!» — деди. Дагы бир котормочу: «Баарынан маанилүүсү, [жаңы чыккан Ыйык Китеп] Жахабага ого бетер жакындаганга жардам берет. Анткени анда Кудайдын ысмы көп жолу кездешет»,— деп ой бөлүштү.

Ал Ыйык Китеп бир туугандарга кызматта да зор пайдасын тийгизери күмөнсүз. Коса тилиндеги котормо тобунда кызмат кылган ишенимдешибиз: «„Жаңы дүйнө котормосунун“ кайра каралган басылышы кызматта бир топ жардам берет. Эми кызматта жолуктурган адамдарга Ыйык Китепте жазылган ар бир сөздү түшүндүрүп берүүнүн зарылдыгы болбойт. Анткени ойлор айкын-так берилген»,— деди. Ал эми африкаанс тилиндеги котормо тобунун бир мүчөсү: «Аятты окуп эле берип койсоң болот, анын маанисин Ыйык Китеп өзү эле түшүндүрүп коёт»,— деп бөлүштү.

Биз бир туугандардын окуганга оңой, Жахабага жакындаганга жардам берген котормого ээ болушканына аябай кубанып жатабыз (Жакып 4:8).