Мазмунун көрсөтүү

Сол жакта: Түштүк Африкадагы жаңдоо тилине которгон топтогу бир тууганыбыз Ыйык Китепти окуп жатат. Оң жакта: Жубайлар үй-бүлөлүк сыйынуу кечинде түштүк африка жаңдоо тилиндеги видеону көрүп жатышат

25-ЯНВАРЬ, 2022
ТҮШТҮК АФРИКА

Түштүк Африканын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүн кулагы укпагандарга көмөк көрсөтүп жатканы үчүн макташты

Ыйык Китептин дагы эки китеби түштүк африка жаңдоо тилинде жарык көрдү

Түштүк Африканын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүн кулагы укпагандарга көмөк көрсөтүп жатканы үчүн макташты

Түштүк Африкадагы кулагы укпагандардын кызыкчылыгын жактаган бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнө түштүк африка жаңдоо тилинде сапаттуу видеолорду чыгарып, кулагы укпагандардын жашоосун жакшы жакка өзгөрткөнгө жардам берип жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Алар ыраазычылыгын 2021-жылдын 15-ноябрында Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосунун» Галатиялыктар менен Эфестиктер китеби жарыкка чыккандан кийин билдиришкен. Ал китептерди кошкондо Ыйык Китептин он китеби түштүк африка жаңдоо тилине которулду. Ошондой эле дагы төрт китеп 2022-жылдын апрелинде которулуп бүтөт деп күтүлүүдө. Алар jw.org сайтына жана JW Library Sign Language тиркемесине салынат.

Батыш Кейптаун өкмөтүнүн орун басары жана билим берүү боюнча адис болуп иштеген Минна Стейн Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө: «Силердин уюмуңардагылардын жаңдоо тилинде сүйлөгөнүн карап эле тургум келет. Силердин уюм жаңдоо тилиндеги материалдарды жөнөкөй, сапаттуу кылып чыгарганы үчүн мактагым келет»,— деп айткан.

Эсвантин Королдугунун майыптар федерациясынын президенти Бонгани Макама: «Силер, Жахабанын Күбөлөрү, кулагы уккандар ээ болгон нерсеге кулагы укпагандар же жакшы уга албагандар да ээ болушу үчүн чоң иштерди кылып жатасыңар. Эмгегиңерди жогору баалайбыз»,— деген. Андан ары мындай деп кошумчалаган: «Кулагы укпагандар да Ыйык Китепти өз эне тилинде алууга татыктуу. Мына ошол себептен Жахабанын Күбөлөрүн угуу жөндөмү чектелгендерге Ыйык Китепти алардын жүрөгүнө жете турган тилде чыгарып берип жатканы үчүн мактагыбыз келет. Ыйык Китептин бардык 66 китеби жаңдоо тилинде чыга турган күндү чыдамсыздык менен күтөбүз».

Түштүк Африкада болжол менен 450 000дей киши жаңдоо тилинде сүйлөйт. Ал жакта кулагы укпаган же начар уккан 283 жарчы бар. Жахабанын Күбөлөрүнүн аракетинин аркасында «ар кандай адамдар», анын ичинде Түштүк Африкадагы филиалдын карамагындагы кулагы укпаган адамдар да чындыкты так-айкын угуп жатышат (1 Тиметей 2:4).