Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 5-ИЮНЬ
ТҮШТҮК АФРИКА

Түштүк Африка нөшөрлөгөн жаандан жана селден жапа чегүүдө

Түштүк Африка нөшөрлөгөн жаандан жана селден жапа чегүүдө

2019-жылдын апрель айынын аяк ченинде Түштүк Африкада нөшөрлөгөн жаан жааган. Тынбай жааган жаандан улам Квазулу-Натал провинциясындагы Дурбан шаарынын жана анын тегерек-четинин айрым жерлерин сел каптап, кыян жүргөн. Жаңылыктардан айтылгандарга ылайык, жок эле дегенде, 70 киши каза тапкан.

Түштүк Африкадагы филиал бир туугандардын эч кимиси каза болбогонун жана жаракат албаганын билдирген. Бирок, бери дегенде, 19 үй-бүлөнүн үйү жана үч Падышалык залы селден же кыяндан зыян тарткан.

Кырсык болгондо жардам берүү комитетинин көзөмөлү алдында жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүндөгү ыктыярдуу кызматчылар ар бир үйгө келтирилген зыянды аныктоого жардам берүүдө. Үйү жашаганга кооптуу болгон бир туугандарды коопсуз жай менен камсыз кылуу үчүн чаралар көрүлүүдө.

Биз Жахаба Кудайыбыздын ушундай оор абалга туш болгон Түштүк Африкадагы бир туугандарыбызды мындан ары да колдой берерине бекем ишенебиз (Забур 34:19).