Мазмунун көрсөтүү

Курулуш ыктыярчылары коопсузураак жерлерде үйлөрдү оңдоп жатышат

29-ДЕКАБРЬ, 2022
УКРАИНА

АКЫРКЫ МААЛЫМАТ (№15) | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

АКЫРКЫ МААЛЫМАТ (№15) | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

Украинада 2022-жылдын февраль айында башталган согуштун айынан Жахабанын Күбөлөрүнүн 3 000дей үйү зыянга учурап же такыр талкаланып калган. Августта жабыр тарткандарга жардам берүү жана жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмдөрүнүн көзөмөлү алдында салыштырмалуу коопсуз жерлерде үйлөрдү оңдоп-түзөө иши башталды. Бул өз ичине үйлөрдүн чатырларын, терезелерин алмаштырууну жана башка майда-чүйдө оңдоо иштерин камтыйт. Үйү такыр эле жарактан чыгып калгандарга ишенимдештерибиз гаражын же бастырмасын жашаганга ылайыкташтырып берип жатышат. Азыркы тапта 37 курулуш долбоору бүтүп, 48 долбоор жүрүп жатат.

Ушундай коогалаңдуу учурда үйлөрдү оңдоп-түзөө оңойго турган жок. Бирок ишенимдештерибиз мындай оор жагдайда жөн эле четте карап турушкан жок. Киев облусуна караштуу Великая Дымерка айылында жашаган 70 жаштагы Светлана деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Үйүмдүн чатыры менен сыртын оңдогонго акчам жок болчу. Бирок Жахаба мен күтпөгөн нерсени кылды. Кудай кошкон бир туугандарым келип, 3 күндүн ичинде эле баарын оңдоп беришти».

Горенка айылында (Киев облусу) турган Надиянын айтымында, жардам берүү иши жергиликтүү элге жакшы таасир эткен. Ал мындай дейт: «Көптөр Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө жакшы ойдо калышты. Мен тааныбаган адамдар да Жахабанын элинин ортосундагы сүйүү жөнүндө айтып жатышты. Алар ишенимдештеримдин мага жардамга келгенине абдан таң калышты».

Кээ бир ишенимдештерибиз өздөрүнүн үйү жарабай калганына карабай жардам беришти. Алардын арасында үйү ракетадан жабыркаган Евгений менен Татьяна да бар. Алар үйүбүздөн айрылдык деп отура бербей, боордошторуна колунан келген жардамын бери жатышат. «Биз дайыма башкаларга жардамга келчүбүз. Бул — жашообуздагы бирден бир максатыбыз. Кимдир бирөөгө көмөк көрсөткөнүбүздө өзүбүздүн кыйынчылыктарыбызды унутуп коёбуз»,— дейт Евгений.

Киев облусуна караштуу Великая Дымеркадагы үй (оңдолгонго чейин жана кийин)

Гостомель шаарындагы (Киев облусу) Лидия деген ишенимдешибиз боордоштору үйүн оңдоп бергенден кийин өзү да башкаларга жардам берүүгө түрткү алган. Ал мындай дейт: «Эки жума бою 16дай ишенимдешим үйүмдү оңдошту. Мен өзүмдү жаңы заманда жашап жаткандай эле сездим. Эми мен да башкаларга жардам бергим келет».

Жакында эле Украинадагы филиалдын комитетинин мүчөсү жардам берүү иши жүрүп жаткан жерлерге барып келди. Ал үйлөрүнөн айрылган ишенимдештерибизди кубаттап, дем-күч берди. Ал мындай дейт: «Украинадагы бир туугандарыбыз дайыма бири-бирине сүйүү көрсөтүшчү. Согуш биримдигибизди болуп көрбөгөндөй чыңдады. Жардам алган сүйүктүү бир туугандарыбыздын кызматка мурункудан да ынталуу катышып жатканы кубандырбай койбойт. Алардын жакшы иштерин көрүп, 2 Корунттуктар 9:12де айтылгандай, башкалар „Кудайга көп ыраазычылык айтып“ жатышат».

2022-жылдын 20-декабрына чейин Украинадан төмөнкүдөй билдирүүлөр келди. Алар жергиликтүү ишенимдештерибиз тарабынан тастыкталган маалыматка негизделет. Бирок өлкөнүн бардык аймактарындагы ишенимдештерибиз менен байланышуу кыйынга туруп жаткандыктан, согуштан жабыр тарткандардын саны көбүрөөк болушу мүмкүн.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 47 жарчы каза болду

  • 97 жарчы жаракат алды

  • 11 477 жарчы үй-жайын таштап кеткенге аргасыз болду

  • 590 үй жарактан чыгып калды

  • 645 үйдүн бир топ жери талкаланды

  • 1 722 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 7 Падышалык залы жарактан чыгып калды

  • 19 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учурады

  • 68 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Украина боюнча 26 КБЖБК иштеп жатат

  • КБЖБК 54 212 жарчыга коопсузураак жерге коргологонго көмөк көрсөттү

  • 26 892 жарчы башка өлкөгө качып кеткенге мажбур болду. Аларга ал жактагы ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат