Мазмунун көрсөтүү

Самбирдеги (үстүнкүсү) Падышалык залында жана Житомирдеги (астынкысы) баш калкалоочу жайда өткөрүлүп жаткан пионерлердин мектеби

1-ФЕВРАЛЬ, 2023
УКРАИНА

АКЫРКЫ МААЛЫМАТ (№16) | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

Пионерлердин мектеби кайрадан өткөрүлө баштады

АКЫРКЫ МААЛЫМАТ (№16) | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

2022-жылдын 26-декабрынан тартып Украинадагы үзгүлтүксүз жана атайын пионерлер коопсузураак жерлерде Пионерлердин мектебинде окуй башташты. Жергиликтүү жагдай-шартка ылайык, алар бетме-бет жолугуп же зуум аркылуу окуп жатышты. Бомбалардын жарылып жатканына, электр жарыгы өчүп жатканына, экономикалык кыйынчылыктарга жана Интернеттин начардыгына карабай, бир туугандар мектептен билим алууну биринчи орунга коюп жатышат. Мунун аркасында пионерлердин Жахабага болгон сүйүүсү артып, ишеними бекемделүүдө.

Бийликтегилер электр жарыгын өчүрүп коюшкандыктан, эже-карындаштар бир жерге чогулуп, мектепке зуум аркылуу туташып отурушат. Алар бир нече эле электрондук каражат колдонуп жатышат. Калгандарын кубаттандыргычка сайып коюшкан

Кривой Рог шаарында жашаган Наталья мындай дейт: «Мектеп мен үчүн кемелерге жол көрсөткөн маяктай эле болду. Ал мага тынчымды алган, корккон нерселерге көмүлүп калбаганга жардам берди». Черновцыдан болгон Анастасия мындай деп кошумчалады: «Мектеп Жахабанын мени абдан жакшы көрөрүнө ынандырды. Өткөн жылы каргашалуу окуялар көп болгондуктан, мен так ушундай мектепке зар болуп жаткам. Жахабадан бата алыш үчүн күрөшө бергенге бел байлап калдым».

Кицмандык Светлана деген пионер мектепке чакырылганда башында аябай корккон. Ал мындай деп түшүндүрөт: «Мен Жахабага тынчымды алган ойлорду, анын ичинде акча-тыйынымдын тартыш экенин айттым. Анан ага таяндым. Ошон үчүн өкүнбөйм. Мен Жахабанын сүйүүсүн жана камкордугун сездим». Светлананын багынбай иш-аракет кылганынын аркасында анын Жахабанын Күбөсү эмес жолдошу жыйналышка бара баштаган.

Интернет байланышы өчүп калгандан кийин Виктория жакын жердеги метро станциясына барып, мектепке ошол жактагы Интернет аркылуу туташып окуп жатат

Житомирдеги пионерлерге, бомба түшүү коркунучу туулгандыктан, эки жолу жер астындагы баш калкалоочу жайларга жашынганга туура келген. Ал жактан бөлмөнү отун жагып жылытып, окуусун улантышкан. Жакында эле Житомирге көчүп барган Валентина ушундай көйгөйлөргө кабылганына карабай мындай деген: «Мен бул мектепти эч качан унутпайм. Өзүмдү Жахабанын кубаттуу канатынын астында коргологондой сездим».

Башка өлкөлөрдөгүдөй эле, Украинадагы пионерлер да пионерлердин саат нормасынын азайганын угушканда аябай сүйүнүштү. Ошол кулактандырууну уккандан кийин Юля мындай деген: «Жүрөгүм Жахабага болгон сүйүүгө толду. Ошол күнү эртең менен Жахабадан мындан ары да пионер болуп кызмат кыла бергенге жардам беришин сурап жалындуу тиленгем. Жахабанын эмне деп жооп берерин билбесем да, сөзсүз жооп береринен шектенген эмесмин. Саат нормасынын азайганын укканда Жахабанын мен үчүн кылган жакшылыктарына болгон ыраазычылыгым артты. Ушул акыркы жаңылык окуп бүткөндөн кийин берилген десерттей эле болду».

2023-жылдын 24-январына чейин Украинадан төмөнкүдөй билдирүүлөр келди. Алар жергиликтүү ишенимдештерибиз тарабынан тастыкталган маалыматка негизделет. Бирок өлкөнүн бардык аймактарындагы ишенимдештерибиз менен байланышуу кыйынга туруп жаткандыктан, согуштан жабыр тарткандардын саны көбүрөөк болушу мүмкүн.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 47 жарчы каза болду

  • 97 жарчы жаракат алды

  • 8 953 жарчы башка жакка көчүп кеткенге аргасыз болду

  • 590 үй жарактан чыгып калды

  • 645 үйдүн бир топ жери талкаланды

  • 1 722 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 8 Падышалык залы жарактан чыгып калды

  • 17 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учурады

  • 76 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Украина боюнча 26 КБЖБК иштеп жатат

  • 46 үй оңдолуп-түздөлдү

  • 5 Падышалык залы калыбына келтирилди

  • КБЖБК 54 445 жарчыга коопсузураак жерге коргологонго көмөк көрсөттү

  • 27 655 жарчы башка өлкөгө качып кеткенге мажбур болду. Аларга ал жактагы ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат