Мазмунун көрсөтүү

20-НОЯБРЬ, 2020
УКРАИНА

АУЕС Украинадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун коргоду

АУЕС Украинадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун коргоду

Сот Украина өкмөтүн диний кастыктын негизинде ишенимдештерибизге каршы кылмыш кылгандарды жазага тартпаганы үчүн айыптады

2020-жылдын 12-ноябрында Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына 3 чечим чыгарды. Ал сот иштери «Загубня жана Табачкова Украинага каршы», «Мигоряну жана башкалар Украинага каршы», «Корнилова Украинага каршы» деп аталган. Алар АУЭСке 2014, 2015-жылдары жөнөтүлгөн. Ар биринде бийлик өкүлдөрүнүн Жахабанын Күбөлөрүнө кол салгандарды тийиштүү түрдө жазалабаганы жазылган. АУЭС Украинанын бийлик башындагыларын ишенимдештерибиздин укугун коргобогону үчүн айыптап, келтирилген зыяндын ордуна 14 700 евро (17 400 АКШ долларын) төлөп берүүгө милдеттендирди.

«Загубня жана Табачкова Украинага каршы». 2009-жылы, 20-апрелде Загубня жана Табачкова деген ишенимдештерибиз Нови Млини кыштагында үймө-үй кабар айтып жүрүшкөн. Ошол учурда аларга көчөдөн православие чиркөөсүнүн дин кызматчысы Микола Лисенко жолуккан. Ал аларды таяк менен башка, жонго катуу койгулаган. Айыпкер «коркутуп-үркүткөнүн», «алардын ишин токтоткусу келгенин» мойнуна алса да, жазаланган эмес.

«Мигоряну жана башкалар Украинага каршы». 2012-жылы, 5-апрелде 21 бир тууганыбыз жана көптөгөн коноктор Иса пайгамбардын өлүмүн эскерүү үчүн чогулушкан. Бир маалда православие чиркөөсүнүн дин кызматчысы Олекси Греку бир топ кишини ээрчитип кечеге кирип келген. Жаалданган топ кыйкырып-өкүрүп, кечеге келгендердин баарын, анын ичинде кичинекей балдар менен кары-картаңдарды коркутушкан.

Көп убакыт бою ал дин кызматчы жана анын тарапташтары Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктай беришкен. Алар эркектерди ур-токмокко алышкан. Бир ишенимдешибиздин унаасын өрттөп салышкан. Ал эми башка бир тууганыбыздын уктоочу бөлмөсүнө «Молотов коктейлин» (күйүүчү май куюлган бөтөлкө) ыргытып кетишкен. Жабыр тарткан ишенимдештерибиз кол салгандар жөнүндө полицияга билдирип, далилдерди келтиришкен. Куугунтуктагандарды тартып алган айрым видеолорду да көрсөтүшкөн. Бирок полиция алардын иш-аракетин диний кастык деп эсептеген эмес. Ошондой эле видеолордогу адамдарды аныктай албай турганын айтышкан. Ошол себептен дин кызматчы да, анын тарапташтары да жазага тартылган эмес.

«Корнилова Украинага каршы». 2013-жылы, 7-мартта Украинанын Носивка шаарында Корнилова менен Сердюк бир туугандарыбыз тургундарды Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү кечесине чакырып жүрүшкөн. Бир киши аларды тилдеп, дини жөнүндө жаман сөздөрдү айткан. Анан Корнилованы бетке муштаган. Аябай катуу ургандыктан, анын мээси чайкалып калган. Ал ишенимдешибиз ооруканада 11 күн дарыланган. Полиция ал кишинин кылганын диний кастык деп эсептеген эмес. Тескерисинче, ал киши «жеке аны жек көргөндүктөн» ушундай ишке барды деген. Сот ал кишини бир аз эле өлчөмдө айып пул төлөгөнгө милдеттендирген.

Солдон оңго: Тетяна Корнилова, Тетяна Загубня, Мария Табачкова жана Василь Мигоряну. 2009—2013-жылдары диний кастыктын айынан жапа чеккен көптөгөн бир туугандарыбыздын төртөө

Украинадагы филиалыбыздын өкүлдөрү куугунтукту токтотуу максатында жергиликтүү, улуттук жана эл аралык бийлик өкүлдөрү менен бир канча жолу дипломаттык жолугушууларды өткөрүшкөн. Ошондой иш-аракеттердин баарын кылгандан кийин, акыры, 2014-жылы АУЕСке доо арыз менен кайрылышкан. Кызыктуусу, ошондон бир жыл мурун Украинанын бийлик өкүлдөрү өлкөдөгү диний сабырсыздыкка маани бере башташкан. Алсак, Украинанын акыйкатчысынын 2013-жылкы отчётунда мындай делген: «Полиция диний кастыктан улам кылынган кылмыштарды тийиштүү түрдө териштирбегендиктен, айыпкерлер башкаларга кол салгандан кайра тартпай жатышат». Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети да Украинадагы жагдай аларды тынчсыздандырып жатканын билдирген. Себеби ал комитеттин Украина жөнүндөгү 2013-жылкы отчётуна ылайык, диний жек көрүүчүлүктүн айынан жасалган кылмыштар, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнө каршы жасалган кылмыштар үчүн ал жакта айыпкерлерге жеңил эле жаза берилет. Ал комитет Украина өкмөтүнө төмөнкүлөрдү кылууга буйрук берген: «Жек көрүүчүлүктүн айынан жасалып жаткан кылмыштарды кылдат териштирүү, айыпкерлерге кылмыш ишин козгоо,.. эгер айыптуу деп табылса, жазага тартуу, ал эми жабыр тарткандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү».

Акыркы жылдары Украина өкмөтү жагдайды жакшыртыш үчүн иш-аракет кылууда. Ал жактагы Жахабанын Күбөлөрү Кудайга эркин сыйынып жатышат. Ошентсе да АУЕСтин бул 3 чечими Украинадагы жана башка өлкөлөрдөгү бийлик өкүлдөрүнө бир туугандарыбыздын дин тутуу эркиндигин мындан ары да коргой бергенге түрткү берет деп ишенебиз. Биз «жолдорунун баары адилет» болгон Жахаба Кудайдын кызматчылары куугунтукталбай турган убакты эңсеп күтөбүз (Мыйзам 32:4).