Мазмунун көрсөтүү

Александр Третьяк

28-ДЕКАБРЬ, 2020
УКРАИНА

АУЕС ишеними үчүн катуу сабалган Александр Третьяктын пайдасына чечим чыгарды

АУЕС ишеними үчүн катуу сабалган Александр Третьяктын пайдасына чечим чыгарды

Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) «Третьяк Украинага каршы» деген сот ишин карап, 2020-жылдын 17-декабрында, бейшемби күнү, ал ишенимдешибиздин пайдасына чечим чыгарды. Александр Третьяк 2013-жылдын 26-ноябрында кабар айтып, үйүнө кайтып келатканда, үч киши мыкаачылык менен сабап салган. АУЕС Украинанын бийлик өкүлдөрүн ал кылмышты тийиштүү түрдө териштирбегени үчүн айыптады. Сот аларды ишенимдешибизге 7 500 евро ($9 100 АКШ доллары) төлөп берүүгө милдеттендирди.

Ишенимдешибизди аябай катуу сабап салышкандыктан, ал дээрлик бир ай ооруканада дарыланууга аргасыз болгон. Полиция кызматкерлери анын ишин үч ай өткөндөн кийин гана териштиргенге киришкен. Алар ал кылмышты диний кастыктын катарына киргизүүдөн баш тартышкан, ошондой эле Александрдын катуу сабалганын да мойнуна албай коюшкан. Кийинчерээк болсо ал кылмыш ишин анча деле чоң кылмыш эмес деп табышкан. Андан тышкары, бир тууганыбызга кол салгандардын бири гана айыптуу деп табылган. Бирок ошол учурда ал өлкөдөн башка жакка качып кеткен болчу. Ал эми берки эки киши, анын ичинде полиция кызматкери тек гана кылмышка күбө болгондор катары саналган. Ошентип, сабаган кишилердин бири да жазасын алган эмес. Ушул жана башка мыйзамсыз иштерден улам Александр Третьяк 2015-жылы АУЕСке доо арыз менен кайрылган.

АУЕС чыгарган чечимде мындай деп жазылган: «[Украинанын] бийлик өкүлдөрү доо-арыз менен кайрылган жабырлануучунун ишин тийиштүү түрдө караган эмес». Бул болсо Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузгандыкка жатат.

Бул чечим Украинадагы жана башка өлкөлөрдөгү ишенимдештерибиздин дин тутуу эркиндигин коргойт деп ишенебиз. Баарынан да биз үчүн болушкан Жахаба Кудайыбызга миң мертебе ыраазыбыз (Жеремиянын ыйы 3:59).