Мазмунун көрсөтүү

23-ИЮНЬ, 2022
УКРАИНА

«Бардык учурда анын оң колуман кармап, мени өзү жетектеп жатканын сезип жаттым»

Украинадан качкан Анастасия Хозяинованын окуясы

«Бардык учурда анын оң колуман кармап, мени өзү жетектеп жатканын сезип жаттым»

2022-жылдын 24-февралында эртең менен кулак тундурган үндөн улам ойгонуп кеттим. Эшикте жаан жаап жаткандыктан башында күн күркүрөдү деп ойлодум. Бирок чынында, бул бомба болчу.

Мариуполдун борборунда жайгашкан үйүмдөн кетишим керектигин түшүндүм. Кийинки күнү шаардын чет-жакасында жашаган таенемдин үйүнө бардым. Ошентип, таенем, бөлөм болуп үчөөбүз жашап калдык. Кийинчерээк апам да бизге кошулду. Башында таенемдин үйү коопсуз болчу. Бирок көп өтпөй ал жактан бир нече күн жер төлөдө уктаганга туура келди.

Бир жолу жер төлөдө отурган кезде бакчабызга бомба түштү. Кулагыбыз тим эле тунуп калды. Мен Жахабадан жалындуу тиленип жаттым. Бир жумадан кийин таенемдин үйү коопсуз болбой калгандыктан ал жактан кетишибиз керектигин түшүндүк. Ошондуктан эптеп шаардан чыгып кетиш үчүн кайра шаардын борборуна бардык. Жахабадан бизди сактап калышын, шаардан аман-эсен чыгып кеткенге жардам беришин сурап жалбара бердим.

4-мартта эртең менен эрте шаарга жеттик. Бирок Мариуполь шаары курчоого алынгандыктан поезддер жүрбөй калыптыр. Ошон үчүн шаардагы театрда 10 күн баш калкаладык. Ал жакта бизден башка дагы жүздөгөн адамдар бар экен. Жер төлөдө киши жык-жыйма болгондуктан, биз биринчи кабатта жашап жаттык. Астыбызга стекловата төшөп уктадык. Бирок андан катуу аллергия башталды. Биз жашаган жер аябай кир болчу. Тамак-аш, ысык суу алыш үчүн бир нече саат кезекте күткөнгө туура келип жатты.

Анан эле бир күнү театрдан анча алыс эмес жерге бомба ташталды. Жарылуу ушунчалык катуу болгондуктан театрдагы көп терезелер сынып калды. Ушундан улам муздак шамал уруп, имараттын ичи суук болуп кетти.

Анастасия таенеси Ирина жана бөлөсү Андрий менен

Ушундай азаптуу учурда мага эмне жардам берди? Аюптун окуясы. Башкалардын дүрбөлөңгө түшкөнүн көргөндө Ыйык Китебимен Аюптун окуясын окуп жаттым. Ошондо өзүмдү кадимкидей жакшы сезип калып жаттым. Мен Аюптун мени менен театрда отурганын жана ага: «Азыр мен сени аябай жакшы түшүнүп жатам»,— деп айтып жатканымды элестеттим. Аюп баарынан: үй-бүлөсүнөн, ден соолугунан, мал-мүлкүнөн айрылган. Мен болсо болгону үй-жайыман эле кол жуудум. Үй-бүлөм жанымда, баарыбыздын алты саныбыз аман. Ошол учурда Аюптукуна салыштырмалуу менин жагдайым анчалык деле оор эмес экенин түшүндүм. Бул мага кайрат берди.

14-мартта айрымдардын шаардан аман-эсен чыгып кете алганын уктук. Анан биз дагы чыгып кетели дедик. Театрдагы башка адамдар менен чогуу бир унаа таптык.

14 киши чогулдук. Отуруп барган кооптуу болгондуктан баарыбыз жүк ташуучу фургондун артында бири-бирибиздин үстүбүзгө жатып бардык. Ошентип, 20 машинеден турган колонна шаардан чыгып кетти. Жолдо баратканда туш-тарабыбызда бомба жарылып жатты. Мен көзүмөн жаш куюлуп, жалындуу тиленип бараттым. Мариуполдон чыгарыбыз менен айдоочубуз машинени токтотуп, сыртка чыгып өксөп ыйлап кирди. Ал жол боюнда жайнап жаткан миналардын баарынан араң айланып өтүптүр. Андан кийин биз театрдан чыгып кеткенден эки күн өткөндөн кийин ал жакка бомба түшүп, бери дегенде 300 киши көз жумганын уктук.

Запарожьеге 13 саатта жеттик. Кийинки күнү Львовго кеткен поездге отурдук. Бизди дагы бир азаптуу жол күтүп турган. Төрт орундуу купеде 16 киши отуруп бардык. Поезддин ичи аябай ысык болчу. Мен жетер жеткиче поезддин далисинде туруп бардым. Анткени ошол жакта эле бир аз таза аба бар болчу. Ошентип, 16-мартта Львовго жеттик. Ал жакта ишенимдештерибиз бизди кучак жайып тосуп алышты. Биз төрт күн Падышалык залында баш калкаладык. Бир туугандарымдын камкордугу жүрөгүмдү козгогондуктан көзүмө жаш алдым. Бул Жахабанын белеги болду!

19-мартта таенем, апам, бөлөм болуп Украинадан Польшага чыгып кеттик. Ал жактагы ишенимдештерибиз бизди жылуу тосуп алышты. Бизди керектүү нерселердин баары менен камсыз кылышты, сүйүүсүнө бөлөштү.

Мен 19 эле жаштамын. Бирок башыман ушундай кыйынчылыктарды өткөргөндөн кийин салыштырмалуу тынч мезгилде ишенимди бекемдөө канчалык маанилүү экенине көзүм жетти. Анткени ишеним сенин өмүрүңдү сактап калат. Эгер согушка чейин өздүк изилдөөм болбогондо мунун баарын көтөрүп кетүү мен үчүн оор болмок.

Жахаба — камкор Ата. Бардык учурда анын оң колуман кармап, мени өзү жетектеп жатканын сезип жаттым. Жахабанын мага кылган бардык жакшылыктарын эч качан актай албайм (Ышая 41:10).