Мазмунун көрсөтүү

Качкындарды кабыл алуу үчүн даярдалган Украинанын Тячев шаарындагы жыйын залы

8-МАРТ, 2022
УКРАИНА

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 1 | Ишенимдештерибиз Украинада уланып жаткан кырдаалга карабай бир туугандык сүйүүсүн көрсөтүшүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 1 | Ишенимдештерибиз Украинада уланып жаткан кырдаалга карабай бир туугандык сүйүүсүн көрсөтүшүүдө

Украинада жардыруулар дагы деле уланып жаткандыктан Мариуполдогу, Харьковдогу, Гостомелдеги жана башка жерлердеги ишенимдештерибиз көптөгөн кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Айрымдар жер төлөлөрүнөн жана баш калкалаган башка жерлеринен бир жумадан бери чыга албай жатышат. Алардын азык-түлүгү барган сайын азайып баратат. Ал эми электр жары улам өчө бергендиктен, Интернет менен уюлдук тармактар жакшы иштебей жаткандыктан алар менен байланышуу кыйынга турууда.

Өкүнүчтүүсү, Мирноградда аксакал болуп кызмат кылган 28 жаштагы Дмитро Роздорский деген ишенимдешибиз минаны басып алып жаракат алгандыктан каза болду. Жакынынан айрылган жана жардыруулар болуп жаткан аймактарда жашаган бир туугандарыбыз үчүн тиленип жатабыз (2 Тесалоникалыктар 3:1).

Украинадагы Овруч шаарындагы Падышалык залы бомба жарылганда катуу зыян тартты

2022-жылдын 7-мартына карата Украинадан келген маалымат:

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 2 ишенимдешибиз каза болду

  • 8 бир тууганыбыз жаракат алды

  • 20 617 Жахабанын Күбөсү үйлөрүн таштап, өлкөнүн коопсузураак аймактарына качканга аргасыз болушту

  • 25 үй жарактан чыгып калды

  • 29 үйдүн бир топ жери талкаланды

  • 173 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 5 Падышалык залы зыян тартты

Жардам берүү иштери

  • Украинада азыр Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 27 комитет (КБЖБК) иш алып барып жатат

  • КБЖБК 6 549 жарчыга коопсуз жайга көчкөнгө жардам берди

  • 7 008 бир тууганыбыз башка өлкөлөргө качып барышты. Ал жактан аларга ишенимдештери жардам берип жатат

  • Украинанын батышындагы Черновицкийде, Ивано-Франковскийде, Львовдо жана Закарпат аймактарында, качкындар баш калкалай алышы үчүн, 1 жыйын залы жана 30 Падышалык залдары даярдалган