Мазмунун көрсөтүү

Олёна бир тууганыбыз жардыруудан катуу жабыркаган үйүнүн жанында отурат. Ишенимдештери дароо ага жардамга келишкен

4-ИЮЛЬ, 2022
УКРАИНА

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 10 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

«Кайраттуулуктун, камкордуктун жана ишенимдүүлүктүн» үлгүлөрү

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 10 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

Украинадагы ишенимдештерибиз жан аябастык менен сүйүү көрсөтүп, талыкпастан бири-бирин колдоп жатышат.

6-июнда 81 жаштагы Олёна деген ишенимдешибиздин үйүнөн бир нече чакырым жерге ракета учуп келген. Анын айынан кошунасынын үйү талкаланып, ракета түшкөн жер жети метр тереңдикке чейин оюлуп калган. Жарылуунун толкуну ушунчалык күчтүү болгондуктан Олёна бир тууганыбыздын үйү катуу жабыркаган.

Ал мындай деп бөлүшөт: «Мен уктап жаткан болчумун. Бир маалда эле жарылуунун үнү угулуп, дубал урап калды. Аз жерден башыма түшүп кете жаздады. Абаны коюу, кара чаң каптап калды. Бүт жерге айнектин сыныктары менен таштар чачырады. Тирүү калганым үчүн Жахабага ыраазычылык билдирдим». Бир нече мүнөттөн кийин эле жергиликтүү ишенимдештерибиз Олёна бир тууганыбыздыкына келип калышкан. Алардын арасында өзүнүн үйү катуу зыянга учураган ишенимдешибиз да бар болчу. Олёна сөзүн мындай деп улайт: «Ишенимдештерим келгенде нес болуп эле туруп калышты. Алардын келгени, жанымда болгону мага дем-күч берди».

Ушул окуяга чейин жыйналышындагы жаштар менен чогуу Олёна бир тууганыбыздыкына дайыма барып турган Сергий деген аксакал мындай дейт: «Олёна апанын үйүнүн жанында жардыруу болгонун укканда аябай коркуп, тынчсыздандым. Ырас, ал чоң жаракат албаптыр. Муну көргөндө жеңилдей түштүм. Биз барганыбызда Олёна апа биринчи эле бир нече күн мурун алган адабияттарын таап беришибизди суранды».

Бактыга жараша, туугандары аны жаңы үйгө көчүрүштү. Жыйналыштагылар ага ар кайсы жактан көмөк көрсөтүп жатышат. Аксакалдар да ага күн сайын чалып турушат. Жыйналыштын программасын жакшы уга алышы үчүн ишенимдештери Олёна бир тууганга кулакчын алып барып беришкен. Ал мындай дейт: «Кээде алым калбагандай сезилет. Ошондой учурларда жыйналыш мага күч-кайрат берет. Ишенимдештерим мага бат-баттан чалып турушат. Аларга миң мертебе ыраазымын».

Бир жубайлар Падышалык залынын жер төлөсүндө 200 бир тууган менен чогуу кантип баш калкалашканын айтып берген. Жубайы мындай деп жазган: «Мени өзгөчө аксакалдардын камкордугу таасирлентти. Алар койлорун аюу менен арстандан коргош үчүн өлүм менен беттешкен Дөөтүнү эсиме салды. Алар күн сайын бизге тамак-аш, суу жана жарык болушу үчүн күйүүчү май таап келиш үчүн өмүрүн тобокелге салып жатышты. Мунун аркасында биз жыйналыш жолугушууларына жана кабар айтуу жолугушууларына катыша алдык. Ар кайсы жерлерде бомбалар тынбай жардырылып жатса да, алар үйлөрүндө калган бир туугандарга тамак-аш, суу жеткириш үчүн жана аларды кайраттандырыш үчүн аларга дайыма барып турушчу. Ал аксакалдарды мурункудан да урматтап калдым. Буга чейин мен аларды жакшы окутуучу жана жакшы кабар айткан бир туугандар катары билчүмүн. Эми болсо алардын ишенимдүү койчу экенин көрдүм. Кайраттуулугу, камкордугу жана ишенимдүүлүгү үчүн аларга аябай ыраазымын».

Украинадагы бир жыйналыштагы жарчылар Украинанын филиалына жардам көрсөтүүгө дайындалган бир туугандар тууралуу мындай деп жазышкан: «Жүрөгүбүз ыраазычылыкка толуп турат. Жахабанын ишенимдештерибиз аркылуу бизге кам көрүп жатканына таң калып бүтпөй жатабыз. Биз Исанын: „Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет“, — деген сөздөрүнүн калетсиз экенине өз тажрыйбабыздан ынануудабыз» (Жакан 13:35).

2022-жылдын 21-июнуна чейин Украинадан төмөнкүдөй билдирүүлөр келди. Алар жергиликтүү ишенимдештерибиз тарабынан тастыкталган маалыматка негизделет. Бирок өлкөнүн бардык аймактарындагы ишенимдештерибиз менен байланышуу кыйынга туруп жаткандыктан, согуштан жабыр тарткандардын саны көбүрөөк болушу мүмкүн.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 42 жарчы каза болду

  • 83 жарчы жаракат алды

  • 31 185 жарчы үй-жайын таштап, өлкөнүн коопсузураак жерине качууга аргасыз болушту

  • 495 үй жарактан чыгып калды

  • 557 үйдүн бир топ жери талкаланды

  • 1 429 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 5 Падышалык залы жарактан чыгып калды

  • 8 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учурады

  • 34 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Украина боюнча 27 КБЖБК түзүлдү

  • КБЖБК 52 348 жарчыга коопсузураак жерге коргологонго көмөк көрсөттү

  • 23 433 жарчы башка өлкөгө качып кеткенге мажбур болду. Аларга ал жактагы ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат