Мазмунун көрсөтүү

Украинада көчөдө кабар айтып турган ишенимдештерибиз

18-ИЮЛЬ, 2022
УКРАИНА

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 11 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

Согуш болуп жаткан өлкөдө «жакшылык кылуу»

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 11 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

Украинадагы бир туугандарыбыз кайрадан эл бар жерлерде кабар айта баштаганынын аркасында көптөгөн кызыктуу окуялар болуп жатат. Бул аларга кубаныч тартуулоодо. Райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар көптөгөн адамдардын адабият текчелерин кайрадан көрүп аябай сүйүнүшкөнүн, атүгүл Жахабанын Күбөлөрүн сагындык деп айтканын баса белгилешти.

Одесса шаарындагы «Сергеевка» жыйналышынан болгон Татьяна деген бир тууганыбыз пандемияга чейин кабар айткан адамдарга кайра барууну чечкен. Ал: «Кызматыбыз кайрадан жандана баштаганда, Жахабанын аракетибизге батасын берип жатканын көрдүм»,— деп айткан. Ал пандемияга чейин Ыйык Китепти изилдегиси келбей турганын айткан бир аялга кайра барган. Бул жолкусунда ал аял Кудайдын Сөзүнө негизделген темаларды жакшы талкуулаган жана Ыйык Китепти изилдөөгө дароо эле макул болгон. Татьяна сөзүн: «Мен кызыккандардын баарына кайрадан барып, аларга Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштап көрүшүм керек»,— деп жыйынтыктаган.

Евгений менен Лилия Мариуполь шаарынан болушат. Алар үйүн таштап кеткенге мажбур болушкан жана азыр Украинанын коопсузураак жеринде жашашат. Экөө тең кабар айтуу кызматына үзгүлтүксүз катышып турушат. Кызматка катышканы көйгөйлөрүнө ашыкча көңүл топтобогонго жардам берип жатканын айтышкан. Алар мындай деп бөлүшөт: «Биз жашообуз кайрадан мурдагыдай болбой турганын билебиз. Баарын кайра жаңыдан баштоо кыйын экен. Бирок биз Жахабанын колу кыска эмес экенин эсибизде бек сактайбыз. Анын ыйык руху күч бергендиктен, ишенимдештерибиз колдоп тургандыктан жаңы жерде жаңы жашоо баштоо оңоюраак болуп жатат».

Украинанын башка аймактарында жашаган боордошторубуздун да кылган жакшылыктары башкаларга жакшы таасир этип жатат. Алсак, Миколаев шаарындагы ага-инилерибиз эл аралык гуманитардык бир уюмдун кампасын оңдогонго жардам беришкен. Ал ишенимдештерибиз суу түтүктөрүн оңдоп, текчелерди даярдап, бир нече тонна азык-түлүктү жана башка зарыл нерселерди сорттошкон. Гуманитардык уюмдун өкүлү алардын кантип иштеп жатканын көргөндө көзүнө жаш алган. Ал: «Мен ушунчалык сонун болот деп күткөн эмесмин»,— деп айткан.

Украинадагы ишенимдештерибиздин ушундай оор учурга карабай, кызматка жигердүү катышканынын жана «жакшылык кылып» жатканынын аркасында жүрөгү кубанычка толууда (Галатиялыктар 6:9).

2022-жылдын 13-июлуна чейин Украинадан төмөнкүдөй билдирүүлөр келди. Алар жергиликтүү ишенимдештерибиз тарабынан тастыкталган маалыматка негизделет. Бирок өлкөнүн бардык аймактарындагы ишенимдештерибиз менен байланышуу кыйынга туруп жаткандыктан, согуштан жабыр тарткандардын саны көбүрөөк болушу мүмкүн.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 42 жарчы каза болду

  • 97 жарчы жаракат алды

  • 28 683 жарчы үй-жайын таштап, өлкөнүн коопсузураак жерине качууга аргасыз болду

  • 524 үй жарактан чыгып калды

  • 588 үйдүн бир топ жери талкаланды

  • 1 554 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 5 Падышалык залы жарактан чыгып калды

  • 10 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учурады

  • 36 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Украина боюнча 27 КБЖБК түзүлдү

  • КБЖБК 52 947 жарчыга коопсузураак жерге коргологонго көмөк көрсөттү

  • 23 863 жарчы башка өлкөгө качып кеткенге мажбур болду. Аларга ал жактагы ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат