Мазмунун көрсөтүү

Чөмүлүп жаткан бир туугандар (Украина, 23-июль, 2022-жыл)

12-АВГУСТ, 2022
УКРАИНА

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 12 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

«Кабар айтуу ишин согуш да токтото албайт!»

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 12 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

23—31-июлга чейин Украина боюнча жана башка өлкөлөргө качып баргандардын арасында «Тынчтыкка умтулгула!» деп аталган жыйында чөмүлгөндөр болду. 2-августка чейин бардыгы болуп украиналык 1 113 киши чөмүлдү. Украинадагы бир ишенимдешибиз: «Кабар айтуу ишин согуш да токтото албайт! Анткени Иса: „Мен ар дайым силер менен болом“,— деп убада берген»,— деген (Матай 28:20).

Жаңы чөмүлгөн айрым ишенимдештерибиздин окуялары менен бөлүшөлү:

Луганск облусунун Кременная шаарынан болгон Наталья 63 жашта. Ал эки кызы менен чогуу Ыйык Китепти 1990-жылдары эле изилдей баштаган. Эки кызы рухий жактан бат ийгилик кылып, чөмүлүшкөн. Наталья болсо чөмүлгөн эмес. Согуш башталганда Жахабанын Күбөсү болгон бир үй-бүлө Натальяны кыздары менен кошо коопсуз жерге алып кеткен. Анан аларды Ивано-Франковсктогу Падышалык залына жайгаштырышкан.

Наталья мындай дейт: «Бомбалар ар кайсы жакка ыргытылып, жарылганын көргөндөн кийин, стресс болгонуман жылмайганды да унутуп калгандай болгом. Бирок бир туугандар мени сүйүүсүнө бөлөштү. Мага ушунчалык көңүл бөлүшөт деп ойлогон эмесмин. Ошол учурдан баштап, Жахабага болгон сүйүүм ойгоно баштады. Ыйык Китепти көбүрөөк окуй баштадым. Анан бир Жахабанын Күбөсү мага „Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!“ деген адабияттын жардамы менен Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштады. Ал бир тууган мен үчүн Жахабадан келген белек болду. Азыр чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгонума аябай сүйүнүп жатам. Мен: „Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“,— деген осуятка ылайык жашагым келет» (Матай 22:37).

Ольга «Тынчтыкка умтулгула!» деп аталган жыйындын темасын баракка жазып, колуна кармап турат (Польша)

Согуш башталганда, Черкасстан болгон Ольга чөмүлө элек жарчы болчу. Ал 6-мартта кызы жана небереси менен Польшага качып барган. Ал мындай деп бөлүшөт: «Биз алдын ала даярдап койгон баштыгыбыздан башка эчтеке алганга жетишкен эмеспиз. Бирок ишенимдештерибиз кем-карчыбызды толуктап, бардык жактан кам көрүштү. Ошондо Жахаба өзүнүн уюмун руху аркылуу жетектей турганына, эли ушунчалык биримдүү экенине дагы бир жолу ынандым. Ушунун баарын өз башыман өткөрүп көргөн соң өмүрүмдү Жахабага арноого ого бетер чечкиндүү болуп калдым. Жахаба мага абдан кыйын учурларда жардам берди. Мен анын мага кылган жакшылыктарына ыраазы экенимди ага кызмат кылып көрсөткүм келет».

Донецк облусунан болгон Юлия 18 жашта. Ал бала чагынан эле чындыкта чоңойсо да, чөмүлгөнгө умтулган эмес. Согуш башталгандан кийин эмне болгону тууралуу Юлия мындай дейт: «Мен полдо жатып, өмүрүмдөн күтүлбөгөн жерден айрылып калышым мүмкүн экенин түшүндүм. Биз жашаган көчөнүн эч нерсеси калган жок. Бирок, бактыга жараша, биз аман калдык. Ушунун баарын башыман өткөргөндөн кийин, тиленип, Жахабанын сапаттары жөнүндө ой жүгүрттүм. Жахабага мурункудан да көбүрөөк жакын болуп, ага өмүрүмдү арнагандан коркпой калдым. Ал тиленүүлөрүмө дароо жооп берип, менин жанымда экенин айкын кылып жатты. Мурун мен Жахабанын бар экенин жөн эле билчү экенмин, азыр болсо аны аябай жакшы көрөм». Юлия 23-июлда чөмүлгөн.

11 жаштагы Давид чөмүлөр алдында (Германия)

Согуштун айынан 11 жаштагы Давиддин үй-бүлөсү Германияга качып барган. Ал иничегибиз 9 жашында чөмүлө элек жарчы болгон. Эми болсо ал жаңы рухий максаттарга умтулуп жатат. Ал мындай дейт: «Мен Жахабаны жакшы көргөндүктөн жана анын досу болгум келгендиктен чөмүлөйүн деп чечтим. Чөмүлүп, Жахабанын үй-бүлөсүнө кошулганыма аябай кубандым. Кубанганыман ыйладым. Мен башкаларга Жахаба жөнүндө, анын адамзатка карата ой-ниети жөнүндө айтканды жакшы көрөм. Ошондуктан кийинки максатым — пионер болуу. Жыйналыштагы ишенимдештериме да колуман келген жардамымды бергим келет. Бир күнү кызмат жардамчысы болом деп үмүттөнөм. Бирок баарынан да Бейтелде кызмат кылгым келет. 2018-жылы Львовдогу Бейтелге үй-бүлөм менен баргандан кийин ушул жөнүндө кыялданып калгам».

Киевден болгон Олена 2011-жылы чөмүлө элек жарчы болгон. Бирок 10 жыл бою жигерсиз болуп калган. 2020-жылы аксакалдар аны менен байланышып, «Жахабага кайрылып кел» деген китепчени беришкен. Олена мындай деп эскерет: «Мен кайрадан Ыйык Китепти изилдеп, жыйналыштарга бара баштагам. Бирок көп өтпөй кайра баарын таштап салдым. Согуш башталгандан тартып, Жахаба менин тиленүүлөрүмө жооп берди. Жахабанын менин коргоп жатканына, мени жакшы көрөрүнө жана жан дүйнө тынчтыгына ээ кылганына кайра-кайра ынанып жаттым. Румынияга качып барып, ал жактан Жахабанын Күбөлөрүн издеп таптым. Ал бир туугандардын сүйүүсү, камкордугу аркылуу Жахаба үстүмө жылуу төшөк жапкандай эле болду». Олена 24-июлда чөмүлгөн. Ал: «Жахабанын мага чыдамдуулук көрсөткөнүнө аябай ыраазымын. Азыр мен „мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла аларыма“ шектенбейм»,— деп кошумчалаган (Филипиликтер 4:13).

2022-жылдын 2-августуна чейин Украинадан төмөнкүдөй билдирүүлөр келди. Алар жергиликтүү ишенимдештерибиз тарабынан тастыкталган маалыматка негизделет. Бирок өлкөнүн бардык аймактарындагы ишенимдештерибиз менен байланышуу кыйынга туруп жаткандыктан, согуштан жабыр тарткандардын саны көбүрөөк болушу мүмкүн.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 43 жарчы каза болду

  • 97 жарчы жаракат алды

  • 22 568 жарчы үй-жайын таштап, өлкөнүн коопсузураак жерине качууга аргасыз болду

  • 586 үй жарактан чыгып калды

  • 613 үйдүн бир топ жери талкаланды

  • 1 632 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 5 Падышалык залы жарактан чыгып калды

  • 10 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учурады

  • 37 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Украина боюнча 27 КБЖБК түзүлдү

  • КБЖБК 53 836 жарчыга коопсузураак жерге коргологонго көмөк көрсөттү

  • 24 867 жарчы башка өлкөгө качып кеткенге мажбур болду. Аларга ал жактагы ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат