Мазмунун көрсөтүү

16-НОЯБРЬ, 2022
УКРАИНА

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 13 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

Кайрадан үймө-үй кабар айтуу

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 13 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

2022-жылдын август айында Украинанын коопсуз жерлеринде үймө-үй кабар айтуу кызматы кайра калыбына келтирилери кулактандырылган. Ишенимдештерибиз кызматтын ал түрүнө аябай катышкысы келген. Алар Ыйык Китептеги жакшы кабарга кулак каккан көптөгөн адамдарды табышкан. Ыйык Китепти изилдегенге макул болгон бир киши мындай деген: «Азыркыга чейин жүрүп жаткан согушта баарыбызды азапка салган, үрөйүбүздү учурган нерселерди көргөндө, адамзаттын көйгөйлөрүн бир гана Кудай чече алары айдан ачык». Төмөндө кызматта болгон окуялар айтылат.

«Лановцы» жыйналышындагы Руслан кайрадан үймө-үй кабар айтуу кызматы башталарын укканда бир аз тынчсызданган. Ал жубайы менен Жахабадан кайраттуулук жана жаркын келечектеги үмүткө кызыккан адамдарды табышын сурап тиленген. Ал жубайлар эки сааттын ичинде эле сегиз кишиге кабар айтып, баары тең Ыйык Китепти изилдегенге макул болушканына аябай таң калышкан.

«Кременец» жыйналышындагы Ольга шериги менен кабар айтып жүргөндө, алардын жанына бир киши чуркап келип: «Силер адамдар менен Кудайдын Сөзү тууралуу сүйлөшүп жатасыңарбы?» — деп сураган. Анан: «Мен тамеки чегем, ичимдик да ичем. Бирок жакында Кудайдын алдында жооп береримди билем. Ошол убак келгенде азыр кандай киши болсом, ошондой болгум келбейт»,— деген. Ал жергиликтүү бир туугандар менен Ыйык Китепти изилдей баштаган.

«Львов Рясное» жыйналышындагы Василий кабар айтуу тобундагылар менен айылга барат. Ал жактан бир нече жыл мурун сүйлөшкөн бир аялдын үйүн эстейт. Ал аял ачууланып, Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшпөй койгон. Ошентсе да ал үйдүн эшигин тыкылдатып, изилдөө сунуштап көрүүнү чечет. Таң калыштуусу, эшикти баягы аял ачып, Ыйык Жазманы түшүнгүсү келерин айтат. Ошентип, ал Ыйык Китепти изилдей баштаган.

«Ильинцы» жыйналышындагы Сергей 2021-жылы чөмүлгөн. Ал үймө-үй кабар айтуу кызматына такыр катышып көргөн эмес. Тынчсыздангандыктан Сергей жакшылап даярданып алууну чечкен. «Мен үлгү иретиндеги маектердин видеолорун бир нече жолу көрүп чыктым. Мага кайраттуулук эле жетишпей жатты»,— деген ал. Кызматка катыша баштагандан тартып ал көп тынчсызданбай калганын, башкаларга жакшы кабарды айткандан кубаныч алып жатканын билдирген.

«Раздельная» жыйналышындагы Николь да 2022-жылдын августунда чөмүлгөн. Ал мындай дейт: «Үймө-үй кабар айткандан тынчсызданып, коркуп жаткам. Бирок муну татып көргөндөн кийин адамдар менен Жахаба жөнүндө бетме-бет сүйлөшкөн аябай жагымдуу экенине ынандым».

Эки ишенимдешибиз үймө-үй кабар айтып жатат

2022-жылдын 11-ноябрына чейин Украинадан төмөнкүдөй билдирүүлөр келди. Алар жергиликтүү ишенимдештерибиз тарабынан тастыкталган маалыматка негизделет. Бирок өлкөнүн бардык аймактарындагы ишенимдештерибиз менен байланышуу кыйынга туруп жаткандыктан, согуштан жабыр тарткандардын саны көбүрөөк болушу мүмкүн.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 46 жарчы каза болду

  • 97 жарчы жаракат алды

  • 12 569 жарчы үй-жайын таштап, башка жакка качууга аргасыз болду

  • 590 үй жарактан чыгып калды

  • 645 үйдүн бир топ жери талкаланды

  • 1 722 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 6 Падышалык залы жарактан чыгып калды

  • 19 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учурады

  • 63 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Украина боюнча Кырсык болгондо 27 жардам берүү комитети (КБЖБК) түзүлдү

  • КБЖБК 53 948 жарчыга коопсузураак жерге коргологонго көмөк көрсөттү

  • 25 983 жарчы башка өлкөгө качып кеткенге мажбур болду. Аларга ал жактагы ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат