Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Киевдеги урап калган имарат. Оңдо: Жер төлөдө баш калкалаган бир туугандар. Алар JW Library тиркемесиндеги маалыматты окуп-көрүп сооронуп жатышат. Оң тараптын ылдый жагында: Украинадан качып чыккан бир үй-бүлө Словакиядагы ишенимдештериникинде отурат

11-МАРТ, 2022
УКРАИНА

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 2 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 2 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

Согуш тынбай жүрүп жаткан Мариуполдо электр, телефон жана интернет түйүндөрү үзүлүп калды. Көптөгөн үйлөрдүн терезелери талкаланды. Тамак-аш жана суу тартыш болуп жатат. 2 500ден ашуун бир тууган Мариуполдон чыгып кете албай калышты. Буча, Чернигов, Гостомель, Ирпень, Киев жана Сумы сыяктуу бир нече шаарларда өкмөт элге чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди. Мунун аркасында жүздөгөн ишенимдештерибиз коопсузураак жерлерге кете алышты.

Аксакал жана пионер болуп кызмат кылган, Гостомелде жашаган 36 жаштагы бир ишенимдешибиз аялы жана ата-энеси менен качууга аргасыз болгон. Ал Гостомель шаарында согуш башталганда эмнелер болгонун мындай деп айтып берди:

«Үйүбүздүн үстүнөн вертолёттор учуп жатты. Көчөлөрдүн баарында согуш техникасы жайнап жүрдү. Үйдөгү жер төлөдө отурганыбызда, аскерлер үйүбүзгө кирип келишти. Алардын бири жер төлөгө бир нече жолу аткылады. Ок апамдын баштыгына тийди. Бирок, бактыга жараша, эч кимибиз зыян тарткан жокпуз. Үч-төрт саат бою кагылган казыктай кыймылдабай отурдук. Үн да чыгарган жокпуз. Үстүбүздө болсо бомбалар жарылып, атышып жатышты... Эртеси унаа менен жолго чыктык. Шаардан чыгып баратканыбызда, аскерлердин атышып жатканына күбө болдук. Жолдо танкалар турду... Жагдай аябай коркунучтуу болду, бирок ал жерде калып калсак, андан коркунучтуу болмок.

Бул окуялар жашообузду бир паста эле өзгөртүп салды. Ыйык Китептеги көптөгөн принциптерди колдонуу деген эмне экенин айкыныраак түшүндүк. Мисалы, эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбаганга, колдо бар нерсеге ыраазы болгонго жана кыйын кезеңде да Жахабага таянганды үйрөндүк».

Жахаба Кудайыбыз Украинадагы ишенимдештерибиздин эмне деген азапты башынан кечирип жатканын жакшы билет. Ал аларды эч качан таштабай турганынан кенедей да шектенбейбиз (2 Петир 2:9).

Жер төлөдө корголоп отурган үй-бүлө. Кийинчерээк алар коопсуз аймакка качып кете алышкан

2022-жылдын 10-мартына чейинки билдирүүгө ылайык, Украинадагы жагдай төмөнкүдөй:

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 2 жарчы каза тапты

  • 8 жарчы жаракат алды

  • 25 407 жарчы үйүн таштап, өлкөнүн коопсузураак аймактарына качууга аргасыз болду

  • 25 үй талкаланып калды

  • 59 үйдүн бир топ жери жабыркады

  • 222 үйдүн анча-мынча жери зыянга учурады

  • 7 Падышалык залы жабыркады

Жардам берүү иштери

  • Украинада Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 27 комитет (КБЖБК) иштеп жатат

  • КБЖБК 10 566 жарчыга коопсуз жерден баш калкалоого жардам берди

  • 9 635 жарчы башка өлкөгө качып чыгып кетти. Аларга ишенимдештери жардам көрсөтүп жатат