23-МАРТ, 2022
УКРАИНА
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 4 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү
Көчөлөрүндө атышуулар, бомбалардын жардыруулары дагы деле уланып жаткан Мариуполдогу бир туугандарыбыз үчүн жалындуу тиленип жатабыз. Өкүнүчтүүсү, бомбанын жардыруусунан 6 ишенимдешибиз каза тапты. Баары биригип, Украиндагы согушта 10 бир тууганыбыз көз жумду. Жаңылыктардан көрсөтүлгөндөй, өткөн жумада 1 000ден ашуун киши баш калкалап жаткан театр бомбаланган. Ишенимдештерибиздин арасынан эч кимиси набыт болгон эмес, бирок айрымдары анча-мынча жаракат алышкан.
Мариуполдон 750дөй бир тууганыбыз чыгып кете алган, 1 600дөйү дагы деле шаарда. Көптөрү шаардын чыгышында, орус аскерлери көзөмөлгө алган тарабында, жашашат.
Буга чейин билдиргенибиздей, 200дөй ишенимдешибиз Падышалык залынын жана жыйындар залынын жер төлөсүндө жашынып жатышат. Байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, ошол жактагы бир туугандар мындай деп билдиришти:
«Бомбалар ыргытылганда айрымдар аябай катуу коркушту. Кээ бирөөлөр ыйлай башташты. Сыртта бомбалардын жарылып жатканын укканда же жардыруудан, же өрттөн өлүшүбүз мүмкүн деген ой келди. Бир аксакал: „Келгиле, Падышалык ырларын ырдайлы!“ — деди. Биз биринин артынан бирин улап 15 чакты ыр ырдадык. Жардыруунун кулак тундурган дабышы күчөп, имараттар титиреген сайын биз да болушунча үнүбүздү катуу чыгарып ырдай бердик. Анан 27-забурду окуп, талкууладык. Андан кийин баарыбыз Ыйык Китептеги жакшы көргөн аяттарыбыз менен бөлүшүп, алар бизди кандайча бекемдээрин айтып бердик. Биз Жахабанын чынында эле „боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай“ экенине жана эң кыйын учурда жүрөгүбүздү тынчтандырып коё аларына ынандык» (2 Корунттуктар 1:3, 4).
Кырсык болгондо жардам берүү комитетинде (КБЖБК) кызмат кылган бир туугандар жана жанын садага чапканга даяр жергиликтүү аксакалдар ишенимдештерин издеп таап, аларды тамак-аш, дары-дармек менен камсыз кылышууда. Кээде аларга шаарда ишенимдештерин издеп жүргөн учурда атышуулардан жерге жата калып, башын катууга туура келүүдө. Биз «өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салган» ошондой бир туугандар менен аябай сыймыктанабыз (Римдиктер 16:4).
Учурда шаарда газ жана электр жарыгы жок болгондуктан, жүрөгү курч эже-карындаштарыбыз сыртка отко тамак жасап беришүүдө. Алар жасаган тамакты кары-картаң же оорукчал жарчыларга жеткиришүүдө. Көп бир туугандарыбыз үйүнөн, машинесинен жана башка мүлкүнөн кол жууп калышты. Ошентсе да алар ишенимдештеринин сүйүүсүнө, камкордугуна абдан ыраазы болушууда.
Ар кайсы жерде баш калкалап жаткан бир туугандарыбыз рухий күн тартибине андан ары да карманып, Ыйык Китепти чогуу окуп, мүмкүнчүлүк түзүлгөндө башкаларга кабар айтып жатышат.
2022-жылдын 22-мартына дейре Украинадан төмөнкүдөй билдирүүлөр келди. Алар жергиликтүү ишенимдештерибиздин айткан маалыматына негизделет. Ошентсе да сандар билдирүүдө айтылгандан алда канча көп болушу мүмкүн. Анткени өлкөнүн айрым аймактарындагы ишенимдештерибиз менен байланышуу кыйынга туруп жатат.
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
10 жарчы каза болду
27 жарчы жаракат алды
33 180 жарчы үй-жайын таштап, өлкөнүн коопсузураак жерине качууга аргасыз болушту
78 үй жарактан чыгып калды
102 үйдүн бир топ жери талкаланды
484 үйдүн анча-мынча жери талкаланды
1 Падышалык залы талкаланып калды
4 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учурады
18 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды
Жардам берүү иштери
Украина боюнча 27 КБЖБК түзүлдү
КБЖБК 25 069 жарчыга коопсузураак жерге коргологонго көмөк көрсөттү
14 308 жарчы башка өлкөгө качып кеткенге мажбур болду. Аларга ал жактагы ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат