1-АПРЕЛЬ, 2022
УКРАИНА
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 5 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү
2022-жылдын 29-мартына дейре, өкүнүчтүүсү, Мариуполдо дагы 7 ишенимдешибиз каза болду. Баары биригип Украинада 17 Жахабанын Күбөсү көз жумду.
Украинадагы Кырсык болгондо жардам берүү комитеттеринде (КБЖБК) кызмат кылган бир туугандарыбыз кара жанын карч уруп, жардам көрсөтүүдө. Атүгүл согуш жүрүп жаткан аймактагы боордошторун издеп табыш үчүн өз өмүрүн тобокелге салышууда.
КБЖБК менен кызматташкан ишенимдештерибиз согуштан улам катуу жабыркаган Харьков, Краматорск жана Мариуполь сыяктуу шаарларга азык-түлүк, дары-дармек жана башка зарыл нерселерди жеткирип жатышат. Алсак, КБЖБКда кызмат кылган бир бир тууганыбыз 2 700дөй жарчыга азык-түлүк, дары-дармек жеткириш үчүн күн сайын көптөгөн аскердик текшерүү пункттарынан өтүп, 500дөн ашуун чакырым жол жүрөт.
Андан тышкары, КБЖБКдагылар согуш болуп жаткан аймактагы ишенимдештерин коопсуз жакка чыгарып кетүү иштерин уюштурууда. Черниговдогу КБЖБКда кызмат кылган бир бир тууганыбыз мындай дейт: «Аскерлер тургундарга бомба таштай баштаганда, шаарда калуу аябай эле кооптуу болуп каларын түшүндүк. Электр жарыгы өчүп, Интернет да иштебей калды. Шаарда улам бир жерде бомбалар жарылып жатты. Ошондо аксакалдар шашылыш түрдө шаарды аралап, жарчыларды жер төлөлөргө жашынышсын, мүмкүнчүлүк болор замат коопсуз жакка алып кетебиз деп эскертиш үчүн жөнөштү».
Жеке маршруткалары, автобустары бар бир ишкер Черниговдогу ишенимдештерибизди алып кетүүгө макул болду. Ал 254 бир тууганыбызды шаардан чыгарып кетиш үчүн тогуз каттам жасады. Бир жолкусунда автобусу өтө алышы үчүн ага атүгүл чоң машине менен жолду оңдоп-түзөгөнгө туура келген. Бир туугандарыбыз анын жардамына абдан ыраазы болушкан.
Согуштан улам жакындарынан айрылгандардын баарынын кайгысын тең бөлүшөбүз. Кудайдын Сөзүндөгү өлүм, азап-кайгы болбой турган убак жөнүндөгү убада ишке аша турган күндү баарыбыз чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Аян 21:3, 4).
2022-жылдын 29-мартына чейин Украинадан төмөнкүдөй билдирүүлөр келди. Алар жергиликтүү ишенимдештерибиз тарабынан тастыкталган маалыматка негизделет. Бирок өлкөнүн бардык аймактарындагы ишенимдештерибиз менен байланышуу кыйынга туруп жаткандыктан, согуштан жабыр тарткандардын саны көбүрөөк болушу мүмкүн.
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
17 жарчы каза болду
35 жарчы жаракат алды
36 313 жарчы үй-жайын таштап, өлкөнүн коопсузураак жерине качууга аргасыз болушту
114 үй жарактан чыгып калды
144 үйдүн бир топ жери талкаланды
612 үйдүн анча-мынча жери талкаланды
1 Падышалык залы жарактан чыгып калды
7 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учурады
23 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды
Жардам берүү иштери
Украина боюнча 27 КБЖБК түзүлдү
КБЖБК 34 739 жарчыга коопсузураак жерге коргологонго көмөк көрсөттү
16 175 жарчы башка өлкөгө качып кеткенге мажбур болду. Аларга ал жактагы ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат