13-АПРЕЛЬ, 2022
УКРАИНА
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 6 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү
Өкүнүчтүүсү, Украинада жүрүп жаткан согуштан улам көптөгөн ишенимдештерибиз өмүрүнөн айрылышты. Жалпы жонунан, 28 Жахабанын Күбөсү каза болду.
Эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылгандай, согуштун биринчи жумаларында өзгөчө Киевге жакын жайгашкан шаарлар чоң зыян тарткан. Болжол менен, ал аймакта жашаган 4 900дөй жарчынын 3 500дөн көбү коопсузураак жерге көчүүгө аргасыз болду.
Төмөндөгү окуялар оор кыйынчылыктарга карабай, ал жактагы бир туугандарыбыз ишенимин бек сактап жатканын көрсөтүп турат.
Макаров шаарында аксакал болуп кызмат кылган Александр Украинанын борбор жагындагы коопсузураак жерине качкан. Бирок ал анын кызмат тобундагы төрт жарчы менен байланыша албай койгондуктан аларды издеп табыш үчүн согуш тутанган аймакка кайра барган. Ал мындай дейт: «Жахаба үчүн анын кызматчылары эң эле баалуу экенин билгендиктен, алардын ал-жайын билейин деп чечтим... Бир ишенимдешибиздин үйүнө барсам, короосунда бомбалар жарылыптыр. Жер төлөнүн эшиги жабык экен. Чакырсам, эч ким жооп кайтарган жок. Ошондо жүрөгүм оозума тыгыла түштү». Александр жер төлөнүн эшигин сындырып кирсе эле — ал жакта коркконунан калчылдаган ишенимдештери менен алардын кошуналары отуруптур.
Ошол жер төлөдө сегиз күндөн бери жашынып отурган бир туугандардын арасында Ярослав деген ишенимдешибиз да бар болчу. Ал мындай деп эскерет: «Бизде болгону бир аз печенье бар эле. Суубуз болсо ар бирибизге күнүнө бир стакандан эле жетчү. Бирок биз Ыйык Китепти, адабияттарды окуп, тиленип, бири бирибизге күч-кайрат берип жаттык. Александр мени атыман айтып чакырып жатканын укканда аскерлер мени алып кеткени келди окшойт деп ойлодум. Ошондо өлөт деген ушул турбайбы деген ой кетти... Бирок, бактыга жараша, ал Александр экен. Ал баарыбызды куткарып калды. Бизди сүйгөн, биз үчүн тиленген, керек болсо, өмүрүн садага чапканга даяр ушундай бир туугандарды бергени үчүн Жахабага чексиз ыраазы болдук».
Пилип менен дагы бир ишенимдешибиз Бородянка шаарында калган бир туугандарыбызга тамак-аш алып барып берүүнү чечкен. 17-мартта, ошол шаарга баратышканда аскерлер аларды токтотуп, машинеси менен тамак-ашын тартып алышкан. Өздөрүн болсо колуна кишен салып, эч нерсе көрбөшү үчүн көздөрүн баш кийими менен жаап, жети киши отурган кичинекей жер төлөгө ташташкан. Эки күндөн кийин түн ичинде күзөтчүлөр ишенимдештерибизди камерага алып барып, сабашкан. Пилип: «Бул жерден тирүү чыкпайм го деп ойлодум. Негизгиси, Жахабага берилген бойдон калайын деп тилене бердим»,— деп айткан.
Дагы бир жолу сабап жатышканда Пилип үнүн чыгарып тиленген. Ал тамак-ашсыз калган кары ишенимдештери үчүн, үй-бүлөсү коопсуз болушу үчүн суранган жана кызмат кылган кубанычтуу жылдары үчүн Жахабага ыраазычылык билдирген. Ошондо күзөтчү аны кайра камерага алып барган. Ал жактан Пилип Жахабадан күзөтчүлөр алардын эч кандай коркунуч туудурбай турганын түшүнсүн деп сурана берген. Эки бир тууганыбыз тең аларды кайтарган күзөтчүлөргө кабар айта баштаган. Эки күндүн ичинде алар нөөмөтүндө турган күзөтчүлөрдүн баары менен сүйлөшүшкөн. Андан тышкары, түрмөдө отурган бир киши Ыйык Китептеги кабарга кызыгып калган. Ал ишенимдештерибиздин колдоосуна ыраазычылык билдирген. 27-мартта бир туугандарыбызды жана Ыйык Китепке кызыгып калган ошол кишини бошотушкан.
Буча шаарынан болгон Свитлана деген бойдок ишенимдешибиз согуш жүрүп жаткан жерден эки жума бою чыгып кете алган эмес. Ал мындай деп бөлүшөт: «Жахаба берген тынчтык баарынан маанилүү экенине болуп көрбөгөндөй ынандым. Кудайдан келген тынчтыкка ээ болуу деген дайыма эмне кылышты билүү дегенди эмес, жагдайдан чыгуунун жолун көрбөй жатканда да Жахабага таянуу дегенди билдирет экен».
Свитлана Украинанын коопсузураак жерине баратканда бир аялга жана анын жээнине кабар айткан. Барчу жерине жетишкенде аларды Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсү тосуп алган. Ал үй-бүлө Свитлананы эле эмес, тигил аял менен анын жээнин да үйүнө алышкан. Кийинки күнү ал аял жыйналышка баргысы келерин айткан жана Ыйык Китеп менен дагы башка адабияттарыбызды сураган. Свитлана азыр деле аны менен байланышып турат.
2022-жылдын 12-апрелине чейин Украинадан төмөнкүдөй билдирүүлөр келди. Алар жергиликтүү ишенимдештерибиз тарабынан тастыкталган маалыматка негизделет. Бирок өлкөнүн бардык аймактарындагы ишенимдештерибиз менен байланышуу кыйынга туруп жаткандыктан, согуштан жабыр тарткандардын саны көбүрөөк болушу мүмкүн.
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
28 жарчы каза болду
48 жарчы жаракат алды
40 778 жарчы үй-жайын таштап, өлкөнүн коопсузураак жерине качууга аргасыз болушту
278 үй жарактан чыгып калды
268 үйдүн бир топ жери талкаланды
746 үйдүн анча-мынча жери талкаланды
1 Падышалык залы жарактан чыгып калды
9 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учурады
26 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды
Жардам берүү иштери
Украина боюнча 27 КБЖБК түзүлдү
КБЖБК 41 974 жарчыга коопсузураак жерге коргологонго көмөк көрсөттү
18 097 жарчы башка өлкөгө качып кеткенге мажбур болду. Аларга ал жактагы ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат