Мазмунун көрсөтүү

Согуштун айына экономикалык кыйынчылыктарга карабай Наталья (солдо) жана анын кызы Габриела үйсүз калган ишенимдештерин үйүнө алышкан

20-ИЮЛЬ, 2022
УКРАИНА

Жокчулукка карабай көрсөтүлгөн меймандостук

Жокчулукка карабай көрсөтүлгөн меймандостук

Украинада согуш башталгандан тартып, 47 000 Жахабанын Күбөсү үй-жайын таштап, башка жакка кеткенге аргасыз болду. Көптөр өлкөнүн коопсузураак жерине качып барышты. Ал жактагы ишенимдештери аларды кийим-кече, тамак-аш, баш калкалай турган жер жана дагы башка зарыл нерселер менен камсыз кылышкан. Өздөрү акча-тыйын жагынан кыйналып жатышса да, ал меймандос бир туугандарыбыз жардамга муктаж ишенимдештеринен колунан келген жардамын аябай марттык көрсөтүп жатышат.

Бир туугандарга меймандостук көрсөтүп жаткан Ольга (четте оңдо)

Ольга деген ишенимдешибиз Жахабанын Күбөсү эмес жолдошу менен Украинанын Умань шаарында турат. Алар согуштун алгачкы эки айында жалпы жонунан 300 ишенимдешин конокко алышкан. Алардын көбү алардыкында бир эле түнөп кетишчү. Ольгага алардыкына коноктор барарын көбүнчө түн ортосунда, алар босогого келип калганда билдиришчү. Бир жолу болсо Ольга менен анын күйөөсүнүн үйүнө бир эле учурда 22 ишенимдеши конуп кеткен. Бул окуя Ольганын 18 жаштагы уулу Станиславга жакшы таасир этип, берешендикке үйрөткөн. Көп учурда ал бөлмөсүн конокторго бошотуп берип, өзү болсо жерде уктачу.

Ольга мындай дейт: «Ушундай оор учурда Жахабанын элинин керегине жараганым үчүн жүрөгүм кубанычка толуп жатат. Бул мени бакытка бөлөөдө».

Людмила жана Андрий

Андрей жана анын жубайы Людмила беш жуманын ичинде 200 Жахабанын Күбөсүн үйүнө алышкан. Бир жолу болсо алардын үйүнө 18 киши түнөгөн. Андрей мындай деп бөлүшөт: «Биз филиал берген көрсөтмөгө карманып, азык-түлүк камдап койгон болчубуз. Ал азык-түлүктү биздикине келген ишенимдештерибиз менен бөлүшүп, бир жарым жумага жеткирдик. Алардын айрымдары кетип баратып конвертке тыйын-тыпыр салып, бизге таштап кетишчү. Ал акчага кийинки келген конокторубуз үчүн тамак-аш сатып алчубуз. Андан кийин бизди тамак-аш менен Кырсык болгондо жардам берүү комитети камсыз кылып турду. Ошондуктан биз эч нерседен өксүгөн жокпуз».

Ивано-Франковск шаарында жашаган Вита деген бир тууганыбыз март айында эжесиникине көчүп барган. Өзүнүнүн батирин болсо согуштан качып келген ишенимдештерине калтырган. Ал мындай дейт: «Бул мен үчүн курмандык эмес, сүйүү көрсөтүүнүн жолу. Баарыбыз бир үй-бүлө болгондуктан ушундай мүмкүнчүлүгүм болгонуна кубанып жатам».

Наталья деген ишенимдешибиз күйөөсү жана Габриела деген кызы менен Тернополь шаарында жашайт. Согуш башталганда алар жумушсуз калышкан жана күн көрүш үчүн топтогон акчасынын жарымын коротушкан. Ошентсе да алар бир ишенимдешибизди жана анын майыптыгы бар кызын жашаганга үйүнө алышкан.

Өзү тууганыныкына көчүп барган, ал эми батирине бир туугандарды алган Вита (четте оңдо)

Ал мындай дейт: «Мен Африкадагы ишенимдешибиздин окуясы тууралуу видеону эстедим. Ал эже өзү жакыр турса да, жыйын учурунда 14 ишенимдешин үйүнө алган. Бирок эч ким эч нерседен кем болгон эмес». Наталья бул окуя ага башкалардын кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгонго түрткү бергенин айткан.

Украинадагы ишенимдештерибиз кыйын кезеңди башынан өткөрүп жатышса да, меймандос болуу менен Жахабага таянарын көрсөтүшүүдө (Рим. 12:13).