Мазмунун көрсөтүү

Микола Божедомов бир тууганыбыз Украинанын Донецк облусундагы Краматорск темир жол станциясы жардырылганда каза болгон

4-МАЙ, 2022
УКРАИНА

Көмөк көрсөткөнгө сүйүүсү түрткү берген

«Ар бир сапары акыркы сапар болуп калышы мүмкүн болчу»

Көмөк көрсөткөнгө сүйүүсү түрткү берген

Украинанын Донецк облусунда согуш күчөп жаткан учурда Микола Божедомов деген бир тууганыбыз мүмкүн болушунча көбүрөөк ишенимдештерин алып чыгып кетиш үчүн Краматорск шаарына бир нече жолу барган.

Микола менен Нина Божедомовдор

Өкүнүчтүүсү, 2022-жылдын 8-апрелинде Донецк облусундагы Краматорск темир жол бекети жардырылганда 58 жаштагы Микола бир тууганыбыз каза болуп калган.

Темир жол бекети жардыралганда жалпы жонунан 50дөн ашык киши курман болгон. Миколадан сырткары, дагы бир ишенимдешибиз (аял) көз жумган. Ал эми 100дөн ашуун киши, алардын ичинде бир бир тууганыбыз (эркек) жаракат алган. Ошол жардыруудан аман калган ишенимдештерибиз кулак тундурган 2 чоң жардыруу болгонун жана абага темир-тезектердин калдыктары чачыраганын билдиришкен.

Миколанын жубайы Нина мындай дейт: «Жолдошум башкалардын кызыкчылыгын дайыма биринчи орунга койчу. Өзгөчө, карыларга, ден соолугу начар жарчыларга жардам бергиси келчү. Бирок Краматорскко баруу уламдан-улам кооптуу болуп калган. Ошон үчүн анын ар бир сапары акыркы сапар болуп калышы мүмкүн болчу».

Алар 32 жылдан бери түтүн булатып келатышкан. 1997-жылы чогуу чөмүлүшкөн. Микола көптөгөн жылдар бою аксакал катары ишенимдүү кызмат кылган. Ишенимдештери Нинага колдоо көрсөтүп, сүйүүсүнө бөлөшкөн. Ал: «Бир туугандарымдын жылуу сөздөрү ушундай оор учурда мага күч берип жатат»,— деп айткан.

Ошондой эле Нина күйүтүн көтөргөнгө Кудайдын Сөзү, өзгөчө, Ышая 40:28—31-аяттар жардам берип жатканын айткан. Ал: «Жахаба мени кайра күчкө толтуруп жатат. Анын сүйүүсүн өзгөчө жолдор менен сезип жатам. Буга чейин андай сүйүү жөнүндө адабияттарыбыздан эле окучумун. Эми аны өзүм туюп жатам»,— деп кошумчалаган.

Биз Нина жана согуштан жакынын жоготкон бир туугандарыбыз үчүн мындан ары да тиленип турабыз. Жахабанын аларды колдооруна бекем ишенебиз (Забур 20:2).