Мазмунун көрсөтүү

Украинадагы согуштун айынан Людмила Мозуль менен Катерина Роздорска күйөөлөрүнөн айрылышкан. Алар Жахабанын жана боордошторунун колдоосу менен күйүтүн көтөрүшүүдө

22-АПРЕЛЬ, 2022
УКРАИНА

«Ошол түнү Жахаба мени колумдан кармап тургандай эле эмес, колуна көтөрүп алгандай болду»

Жахабанын убадалары жөнүндө ой жүгүрткөнү жесир калган украиналык ишенимдештерибизге күч берүүдө

«Ошол түнү Жахаба мени колумдан кармап тургандай эле эмес, колуна көтөрүп алгандай болду»

Людмила Мозуль менен Катерина Роздорска Жахабанын жардамы менен башына түшкөн мүшкүлдү көтөрүшүүдө. Алардын күйөөлөрү Петро Мозуль менен Дмитро Роздорски Украинадагы согуштун айынан каза болгон Жахабанын Күбөлөрүнүн алгачкылары. Тилекке каршы, акыркы билдирүүлөргө ылайык, 34 ишенимдешибиз көз жумган.

Петро жана Людмила Мозуль

Петро 67 жашта болчу. Людмила экөө 1994-жылы чөмүлүшкөн. Алар чогуу 43 жыл жашашкан.

Людмила: «Ишенимдештерим мени күн сайын сооротуп, жубатып жатат. Аксакалдар тынбай чалып, ал-жайымды сурашууда. Өзгөчө, Украинадагы филиалдан келген кат жүрөгүмдү козгоду»,— деп бөлүшкөн.

Украинадагы согуш 2022-жылдын 24-февралында башталган. Жаңдоо тилиндеги жыйналышта кызмат жардамчысы болуп кызмат кылган Петро 1-мартта үй-бүлөсү менен Харьковдон чыгып кеткенге аракет кылган. Тилекке каршы, жолдон алардын унаасы авиасоккуга кабылып, Петро каза болуп калган.

Ага чейин эле шаардын ар кайсы жактарында бомбалар жардырылып, аскер учактары тынбай учуп, шаарга чабуул коюла баштаган болчу. Петро үй-бүлөсү менен зарыл нерселерин чогултуп, 30 мүнөттүн ичинде чыгып кетишкен. Петро жубайы Людмила менен өзүнчө унаада, ал эми алардын уулу Алексей, келини Марина өзүнчө унаада болчу. Людмила мындай деп эскерет: «Жолдо кетип баратканда авиасоккуга кабылдык. Жарылуунун толкунунан улам унаабыз чайкалып кетти».

Петро катуу жаракат алса да баласы менен келини отурган унааны сүзүп албаш үчүн болгон күчү менен унааны башка жакка буруп кеткен. Бомба жарылганда учуп келген темир-тезектер Людмиланын бутун, ичин кесип кеткен. Аларды ооруканага жеткиришкен. Көп узабай Петро каза болгон. Бактыга жараша, Алексей менен Марина жаракат алышкан эмес. Людмила күйөөсүнүн өлгөнүн үч күндөн кийин, ооруканадан чыккандан кийин, уккан.

Людмила мындай дейт: «Жахабанын боорукердиги, эмнелерди убадалаганы тууралуу ойлонгон сайын жан дүйнөм тынчып калып жатат. Жаңы заманда жолдошум менен жолугарыма шектенбейм. Ошол күндү чыдамсыздык менен күтөм».

Катерина жана Дмитро Роздорскилер

Дмитро менен Катеринанын баш кошконуна 8 жыл болгон. 8-мартта, ошол каргаша болгон күнү, Дмитро жумушунан келаткан эле. Ал Катеринага чалып: «Азыр бир аздан кийин үйгө барып калам»,— деп айткан. Бул анын акыркы сөздөрү болчу.

Бир нече сааттан кийин Дмитро менен чогуу иштеген киши Катеринага чалып, Дмитронун мина басып алганын, аны ооруканага алып кетишкенин айткан. Операция жасалганынан беш саат өткөндөн кийин Дмитро каза болуп калган.

Катерина мындай дейт: «Ошол түнү Жахаба мени колумдан кармап тургандай эле эмес, колуна көтөрүп алгандай болду. Жахабанын жанымда экенин сезип жаттым».

Дмитро 28 жашта болчу. Ал 2006-жылы чөмүлгөн. Донецкте (Украина) аксакал болуп кызмат кылчу.

Күйөөсүнүн сөөгү коюлгандан кийин Катерина Украинанын коопсузураак жерине кетүүнү чечкен. Ал жакка жетиш үчүн 12 саат бою жол жүргөн. Ал мындай деп эскерет: «Украинадагы жана башка өлкөлөрдөгү ишенимдештерим жылуу сөздөрдү жазып, мени жубатып, кубаттандырып жатышат. Алар мени мээримине бөлөп, жүрөгүмдү сүйүүгө толтургандыктан күйүтүм күч болбой калды».

Катерина мындай деп кошумчалайт: «Кызматка катышканда кадимкидей сооронуп калып жатам. Кайгым көкүрөгүмө батпай кеткендей сезилгенде Филипиликтер 4:6, 7деги сөздөрдү эсиме салып турам».

Жахаба мындан ары да Украинадагы согуштун айынан жакындарын жоготкон ишенимдештерибизди сооротуп, колдой береринен шектенбейбиз (Забур 61:1—3).