Мазмунун көрсөтүү

Жардыруу учурунда Украинанын Харьков шаарындагы баш калкалоочу жайда отурган ишенимдештерибиз

3-МАРТ, 2022
УКРАИНА

Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салды. Украинада 129 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү бар. Алардын арасында бала-чакалуулары да аз эмес. Филиал бир туугандарыбызды зарыл нерселер менен камсыз кылуу үчүн кырсык болгондо жардам берүү боюнча 27 комитет уюштурду. Чыныгы сүйүү түрткү бергендиктен, ушундай кыйын кезеңде да Украинадагы ишенимдештерибиз бири-бирин, кошуна-колоңдорун сооротуп, ар кандай жолдор менен жардам көрсөтүп жатышат.

Ишенимдештерибиздин көпчүлүгү Украинада калууну чечишсе да, айрымдары өлкөдөн качууну туура көрүшкөн. Качкындарга чек арадан өтүү үчүн кээде 30 километрге созулган кезекте 3—4 күн күтүүгө туура келүүдө. Чек арага жакын жашаган Жахабанын Күбөлөрү кезекте күтүп турган Кудай кошкон бир туугандарын издеп таап, аларга суу, тамак-аш жана ушу сыяктуу керектүү нерселерди жеткирип жатышат. Чек аранын аркы бетинде болсо жардам берүүгө, сооротуп-жубатууга даяр бир туугандарыбыз jw.org деп жазылган плакаттар менен тосуп алып жатышат.

Польшадагы (солдо) жана Словакиядагы (оңдо) эже-карындаштарыбыз Украинадан качып чыккан ишенимдештерин тосуп алып жатышат

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Кызмат жардамчысы болуп кызмат кылган Петр Мозуль деген ишенимдешибиз Харьковдогу жардыруу учурунда каза болгон

    Өкүнүчтүүсү, 2022-жылдын 1-мартында Харьковдо бомба жарылганда, бир дүлөй ишенимдешибиз каза болгон. Анын жубайы болсо катуу жаракат алган

  • Дагы үч бир тууганыбыз (эже-карындаштар) жаракат алган

  • 5 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү үйүн таштап качканга аргасыз болушкан

  • 2 үй жарактан чыгып калган

  • 3 үйдүн бир топ жери талкаланган

  • 35 үйдүн анча-мынча жери талкаланган

  • 2 Падышалык залы зыян тарткан

  • Көптөгөн жарчылар электр жарыгынын, жылуулуктун, телефон байланышынын жана суунун жетишсиздигинен улам кыйналып жатышат.

Жардам берүү иштери

  • Украинада кырсык болгондо жардам берүү боюнча 27 комитет уюштурулду

  • Комитеттер 867 Жахабанын Күбөсүн коопсуз жерге көчүрүштү

  • Жардам берүү комитеттери ишенимдештерибизди тамак-аш, таза суу сыяктуу зарыл нерселердин баары менен камсыз кылууда

Жогорудагы маалымат алгачкы отчёттун негизинде эле түзүлгөн.

Белгисиздиктен, оор жагдайдан улам кыйналып жатышса да, ишенимдештерибиздин бир туугандык сүйүү көрсөтүп жатканы көңүлгө аларлык. Алар акылмандык, кыраакылык менен иш кыла бериши үчүн, жалындуу тиленип турабыз (Накыл сөздөр 9:10; 1 Тесалоникалыктар 4:9).