27-АПРЕЛЬ, 2022
УКРАИНА
Украинадагы согуш жүрүп жаткан жерлерге зарыл нерселерди жеткирген, башкаларды куткарган кайраттуу ишенимдештерибиз
Украинада 2022-жылдын 24-февралында согуш тутанганда, миңдеген бир туугандарыбыз өлкөнүн салгылаш күч алган жерлеринен чыга албай, калып калышкан. Украинанын Кременчуг жана Полтава деген шаарларынан 21 ага-инибиз ишенимдештерин жакшы көргөндүктөн аларга ошондой кооптуу аймактардан чыгып кетүүгө жана ал жакта калган боордошторубузду зарыл нерселер менен камсыз кылууга көмөктөшүш үчүн согуш болуп жаткан аймактарга барууга даяр экенин билдиришкен.
Алар 6 жуманын ичинде 50 000дей чакырым жол жүрүп, тынбай атышуулар болуп жаткан Харьков сыяктуу аймактарга 80дей жолу барып келишкен. Алардын жардамы менен 400дөй ишенимдешибиз коопсузураак жерлерге жеткирилген.
Ушул күнгө чейин алар 23 тонна азык-түлүк, дары-дармек, күйүүчү май жана башка зарыл нерселерди жеткиришти. Жолго чыгарда ал бир туугандарыбыз катуу салгылаш жүрүп жаткан жерлерден айланып өтүш үчүн кайсы жолдор менен барса болорун кылдат изилдеп чыгышат. Кээде бир эле барып келгенине 19 сааттай кетет. Анткени аларды посттордон токтотуп, унааларын текшеришет.
Жолдо баратышканда үстүлөрүнөн согуштук учактар учуп өткөн учурлар болгон. Бир туугандарыбыз бомбаланып, жарактан чыгып калган имараттарды, танкаларды жана унааларды көрүшкөн. Айрым учурларда жакын жерден бомба жарылгандыктан жердин силкингенин сезишкен.
Роман деген бир тууганыбыз 2022-жылдын 2-апрелинде Харьковдогу ишенимдештерибизге азык-түлүк жана башка зарыл нерселерди алып бараткан. Бир паста эле көчөлөрдө реактивдүү ок-дарыларды (ракеталарды) жаадыра башташкан. Ошондо ал жакын жердеги имаратка баш корголоп кире качкан. Анан жарым саат өтүп-өтпөй эле унаасы менен өтө турган жолдон бомба жарылган.
Унаасы менен зарыл нерселерди жеткиргенге жардам берген Владимир деген дагы бир ишенимдешибиз: «Биз Жахабадан туура иш кылганга акылмандык сурап көп тиленебиз»,— деп айткан.
Олександр менен жубайы Валентина карыган ата-энесин карап, Харьковдо жашашчу. Согуш жүрүп жаткан маалда алар үйүнөн 100 метрдей аралыкта жардыруулар болгонуна күбө болушкан. Унаасы жок болгондуктан эч жакка кете албай калышкан.
Бактыга жараша, бир туугандар аларды коопсуз жакка алып кете алышкан. Олександр: «Бизге жардам бериш үчүн бир туугандарды жибергенине Жахабага миң мертебе ыраазы болдук»,— дейт.
Василь жана Наталья үч баласы менен бир нече күн үйүнүн жер төлөсүндө жашынып отурушкан. 2022-жылдын 29-февралында алардын үйүнүн жанында бомба жарылган. Жарылуунун толкунунан улам үйү кыйрап калган. Василь көз ачып-жумганча эле кулак тундурган жарылуу болгонун жана ошондон кийин жер төлөдө электр жарыгы өчүп калганын айткан.
Атышуулар токтоп, бир аз тынчып калганда, алар баш корголоп кошуна имараттын жер төлөсүнө жашынышкан. 2022-жылдын 3-марттында бир туугандар аларды таап, өлкөнүн коопсузураак жерине жеткиришкен.
Үй-бүлөсү менен коопсуз жерге жеткенде Василь кандай сезимде болгонун минтип билдирген: «Жахабага абдан ыраазы болдук. Бир канча жумадан бери биринчи жолу балдарыбыздын коопсуздугу үчүн тынчсызданбай, кечки тамакты жай отуруп иче алдык».
Бир туугандарга жардам берген айдоочулардын дагы бири Олександр ушундай иш-чара Жахабанын элинин биримдигин айкын көрсөтүп жатканын баса белгилеген. Ал: «Мунун аркасында Жахабанын өз элине канчалык кам көрөрүн көрүп жатам. Ишенимдештериңдин ыраазы болгонун көргөндө жүрөгүң кубанычка толот экен»,— деп айткан.
Ушундай кайраттуу бир туугандарыбыздын болгонуна абдан ыраазыбыз. Ал жан аябас ишенимдештерибизге Жахаба батасын бериш үчүн мындан ары да тиленип туралы (Римдиктер 12:10).