Мазмунун көрсөтүү

12-ДЕКАБРЬ, 2019
УКРАИНА

Украинанын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуу жайын колдонууга болгон укугун жактады

Украинанын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуу жайын колдонууга болгон укугун жактады

Украинанын Тетиев шаарындагы Жахабанын Күбөлөрү Падышалык залын колдонууга уруксат алыш үчүн төрт жыл бою соттошуп келген. Ал жактагы ишенимдештерибиз 2014-жылдын декабрында Падышалык залын куруп бүтүшкөн. Бирок Архитектура жана курулуш көзөмөлү боюнча мамлекеттик орган аны колдонууга кайра-кайра тоскоолдук кылган: имаратты колдонууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүүдөн алты жолу баш тарткан, жыйналышка бир нече жолу чоң суммада айып пул салган, атүгүл курулуп бүткөнүнө карабай, аны курууга берген уруксатын жокко чыгарган.

2018-жылдын 10-октябрында Украинанын Жогорку соту ишенимдештерибиздин курулушка байланыштуу эч бир мыйзамды бузбаганын ырастаган. Ошондой эле алардын, Адам укуктары боюнча Европа конвенциясына ылайык, сыйынуу жайын курууга укуктуу экенин баса белгилеген. 2019-жылдын 28-мартында Архитектура жана курулуш көзөмөлү боюнча мамлекеттик органга жаңы башчы дайындалып, ишенимдештерибизге керектүү уруксат кагазын берген. Жаңы курулган имаратта ошол айда биринчи жолу жыйналыш өткөрүлгөн.

2019-жылдын 2-ноябрында бир туугандар ачык эшиктер күнүн өткөрүшкөн. Ага шаардык, райондук бийлик өкүлдөрү, ошондой эле кошуна-колоңдор чакырылган. Тетиев районунун шаар куруу боюнча бөлүмүнүн башчысы Анатолий Федорович Завальнюк мындай деген: «Силер курулушка тиешелүү бардык талаптарга, мыйзамдарга ылайык иш кылыптырсыңар. Ошондой эле уруксат берилген долбоор боюнча куруптурсуңар. Сыйынуу жайыңар бул көчөнү эле эмес, шаардын ушул бурчун да көркүнө чыгарды. Силерге чоң рахмат!»

Биз Тетиев шаарындагы ишенимдештерибиздин кубанычына ортоктошпуз. Эми алар жаңы Падышалык залын Жахабаны даңктап-даңазалаш үчүн колдоно алышат (Забур 69:30).