Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 25-ИЮЛЬ
УКРАИНА

Жахабанын Күбөлөрүнүн Украинадагы филиалында ачык эшик күнү өткөрүлүп, бийлик өкүлдөрү келишти

Жахабанын Күбөлөрүнүн Украинадагы филиалында ачык эшик күнү өткөрүлүп, бийлик өкүлдөрү келишти

ЛЬВОВ, Украина. 2017-жылдын 2-майында Жахабанын Күбөлөрүнүн Украинадагы филиалында коомчулук үчүн ачык эшик күнү уюштурулган. Ошол күнү мамлекеттик кызматкерлер, Львов шаарынын бийлик өкүлдөрү, илимпоздор, ишкер адамдар жана кошуна-колоңдор келип, филиалда кандай иш жүргүзүлүп жатканы жөнүндө маалымат алышты.

Балдарга арналган бурч даярдалды.

Филиалда атайы даярдык көрүлүп, көргөзмөлөр коюлду, ал жерде жүргүзүлгөн иштер жөнүндө тасма көрсөтүлдү, тарых музейи ачылды жана балдарга арналган бурч даярдалды. Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү болгон Иван Рихер мындай дейт: «Филиалыбызда 2001-жылдан бери биринчи жолу ачык эшик күнү өткөрүлдү. Украинада биздин үймө-үй кыдырып, Ыйык Китепте эмне делери жөнүндө окутарыбызды жакшы билишет. Ачык эшик күнүн болсо, филиалыбызда кандай иштер аткарыларын жана коомчулукка кандай пайда тийгизип жатканыбызды көрсөтүш үчүн уюштурдук».

Келген коноктор музейден Жахабанын Күбөлөрүнүн Украинадагы тарыхы жөнүндө билишти.

Дин жана улуттар аралык иштер боюнча бөлүмдүн деректири: Андрей Яраш

Украинанын Маданият министрлигинин алдындагы Дин жана улуттар аралык иштер боюнча бөлүмдүн деректири Андрей Яраш ачык эшик күнү ага кандай таасир калтырганы тууралуу мындай деди: «Жахабанын Күбөлөрү диний уюм катары өз ара жана коомчулук арасындагы мамилелерди чыңдоо үчүн эмне кылса болорун көрсөтүштү».

Ушул жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн Камерундагы филиалында, ошондой эле Нью-Йорк штатындагы Уорик шаарчасында жайгашкан башкы башкармалыгында да ачык эшик күнү өткөрүлдү.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Украина: Иван Рихер тел: +38-032-240-9323