Мазмунун көрсөтүү

Украинанын чыгышындагы Донецк менен Лугансктын айрым аймактарындагы ишенимдештерибизге көрсөтүлгөн куугунтук күчөөдө. 2018-жылдын 30-майында Лугансктагы Падышалык залын тоноп, талкалап, өрттөп жиберишкен

2018-ЖЫЛ, 15-ОКТЯБРЬ
УКРАИНА

«Донецк элдик республикасы» Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салды

«Донецк элдик республикасы» Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салды

2018-жылдын, 26-сентябрында «Донецк элдик республикасынын» (ДЭР) Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн диний ассоциациясын «экстремисттик» деп жарыялап, жүргүзгөн ишине тыюу салды. Биздин юридикалык жакка каршы иш козгогон башкы прокурор да, Жогорку сот да сот отурумдары өтүп жаткан маалда Жахабанын Күбөсүнүн эч кимиси менен сүйлөшкөн эмес. Ал аймактагы Жахабанын Күбөлөрүнө көрсөтүлгөн куугунтук күчөп отуруп, акыры, алардын уюмунун жабылышына алып келди.

2017-жылдын орто ченинде ДЭРдин Жогорку соту адабияттарыбыздын айрымдарын «экстремисттик» деп жарыялагандан тартып Украинанын чыгышындагы Донецк менен Лугансктын айрым аймактарында жашаган ишенимдештерибиздин жагдайы оордой баштаган. Ошол жылы полиция 170тен ашуун ишенимдешибизди суракка алган. Ал региондордун бийлик башчылары Падышалык залдарын биринин артынан бирин тартып ала беришкен. 2018-жылдын 29-августуна чейин баш-аягы 16 Падышалык залы тартылып алынган.

Сыйынуубузга чабуул жасалганына карабай ал аймактагы ишенимдештерибиз куткаруучу Кудайыбызга таянып жатышат (Забур 18:46).