Мазмунун көрсөтүү

УКРАИНА

Украина жөнүндө кыскача маалымат

Украина жөнүндө кыскача маалымат

Жахабанын Күбөлөрү Украинада жүз жылдан ашуун убактан бери бар. Алар 1991-жылдын 28-февралында, Украина көз карандысыз мамлекет болгонго чейин бир аз убакыт мурун, расмий түрдө катталышкан.

Нацисстердин жана СССРдин учурунда Украинадагы Жахабанын Күбөлөрү катуу куугунтукка дуушар болушкан. 1951-жылдын 8-апрелинде Совет бийлиги Украинанын батышындагы 6 100дөн ашуун Жахабанын Күбөсүн Сибирге сүргүнгө айдаган. Бирок 1965-жылдын июнунда, Украинанын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттары Совет бийлигине каршы эмес, тек гана диний мазмундагы адабияттар деп чечим чыгаргандан кийин, жагдай жакшырган. Бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын окуган адамдарды камакка алганын токтотушкан. Анткен менен Жахабананын Күбөлөрүн ишеними тууралуу башкаларга айтканы үчүн түрмөгө камай беришкен. 1965-жылдын сентябрында Совет өкмөтү мунапыс жарыялап, 1951-жылы Сибирге сүргүнгө айдалган Жахабанын Күбөлөрүнүн баарын бошоткон. Бирок алардын көбүнө кайра мекенине кайтып барууга тыюу салган. Катуу куугунтук 1980-жылдардын башына чейин уланган.

Бүгүнкү күндө бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнө тоскоолдук кылышкан жок. Жахабанын Күбөлөрү Кудайга сыйынуу үчүн эркин чогулуп, башкаларга кабар айтууда. Бирок жек көргөндөр аларга кол салган учурлар көп болот. Бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүн кол салгандардан жана сыйынуу жайларын талкалагандардан коргоо үчүн эч кандай чара көрбөй келет. Көп учурда андай адамдар жазага тартылбайт. Бийликтегилер эч кандай иш-аракет кылбагандыктан, кол салгандар жазасын албагандыктан жана өлкөнүн чыгышында баш аламандык өкүм сүргөндүктөн, Жахабанын Күбөлөрүнө чабуул койгондор күч алууда.