Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 1-ИЮЛЬ
УКРАИНА

Украинадагы Жахабанын Күбөлөрү ыйык китептик көргөзмө уюштурушту

Украинадагы Жахабанын Күбөлөрү ыйык китептик көргөзмө уюштурушту

Украинадагы Жахабанын Күбөлөрү Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» орус жаңдоо тилинде жарык көргөнүн жарыялаш үчүн ыйык китептик көргөзмөлөрдү уюштурушту. Бул котормонун чыкканы — котормо ишиндеги чоң жетишкендиктердин бири. Ал атайын көргөзмөлөр 2018-жылдын 7-октябрында Львов шаарында башталып, 2019-жылдын 7-июнуна чейин улантылды. Алар Харьков, Киев, Одесса, Днепр шаарларында да уюштурулду.

Көргөзмөнүн алдында жаңдоо тилиндеги жыйналыштар көргөзмө өтө турган аймактардагы кулагы укпаган же начар уккан адамдарга чакыруу барактарын таратышкан, ошондой эле видеонун жардамы менен да чакырышкан. Андан тышкары, Украинадагы филиалга караштуу жалпыга маалымат берүү үстөлү мугалимдерге, жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенгендерге, бийлик башындагыларга баракча таратышкан.

Львов шаарындагы кулагы укпагандардын клубунда өткөрүлгөн биринчи көргөзмөдө Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген санарип түрүндөгү ар кандай куралдар, мисалы, JW Library Sign Language® тиркемеси көрсөтүлдү. Ошондой эле ал жерге келгендер нечендеген кылымдар бою ар кандай форматтарда, алсак, түрмөктөрдөн тартып кагаз түрүнө чейин чыгып келген Ыйык Китептин тарыхий көргөзмөсүнө да күбө болушту. Алардын ичинен өзгөчө көңүл бурдурган котормо 1927-жылы жарык көргөн Ыйык Китеп болду.

Биз Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» орус жаңдоо тилинде чыкканына абдан сүйүнүп жатабыз. Бул орус жаңдоо тилинде сүйлөгөн адамдарга Ыйык Жазмадан так билим алганга көмөк кылат деп ишенебиз (Матай 5:3).