Мазмунун көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Дэйвид Сплэйн менен анын жубайын Львовдогу Данило Галицкий эл аралык аэропортунан тосуп алып жатышат

2018-ЖЫЛ, 9-НОЯБРЬ
УКРАИНА

Украинадагы атайын жыйында көрсөтүлгөн меймандостук менен биримдик

Украинадагы атайын жыйында көрсөтүлгөн меймандостук менен биримдик

2018-жылы 6—8-июлда Жахабанын Күбөлөрү Украинанын Львов шаарында атайын жыйын өткөрүп, миңдеген ишенимдештерин жылуу тосуп алышкан. 9 өлкөдөн болгон 3 300дөн ашуун делегат «Кайраттуу болгула!» деп аталган жыйынга катышуу үчүн келишкен. Украин бир туугандардын меймандостугу аларга зор кубаныч тартуулаган.

Жыйынга даярдык 2017-жылдын апрель айында башталган. Кийинки 15 ай бою көптөгөн жергиликтүү жарчылар жыйынды уюштурууга байланыштуу иштерге жана жыйын учурунда делегаттарга кам көрүүгө өз ыктыяры менен катышышкан. Делегаттар Украинанын маданиятынын айрым өзгөчөлүктөрүнө, анын ичинде улуттук бийине, музыкасына күбө болуп, тамагынан даам сызышкан. Аларды жергиликтүү музейге, байыркы сепилдерге алып барышкан жана көздү суктандырган Карпат тоо кыркасынын айрым жерлерин көрсөтүшкөн. Айрыкча, аларда жергиликтүү украин бир туугандар менен кызматка чыкканга мүмкүнчүлүгү болгону көңүлгө аларлык.

Жыйын Львов шаарындагы стадиондо өтүп, ага катышкандардын саны 25 000ден ашкан. Негизги баяндамалар 15 башка стадиондо жана көптөгөн Падышалык залдарында түз эфир аркылуу көрсөтүлүп, программаны жалпысынан 125 000ден ашуун киши көргөн жана 1 420 киши чөмүлгөн.

Украинадагы филиалдын өкүлү Иван Рихер: «Биз ушул жыйынды жана бир туугандарыбыз менен көрүшө турган ушул күндү чыдамсыздык менен күткөнбүз. Конокторго меймандостук көрсөтүүдөн зор канааттануу алдык, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк бир туугандыгыбыздын биримдиги чыңдалганына, кайраттуулугу бекемделгенине күбө болдук»,— деген (Забур 133:1).

Львовдогу стадионго чогулгандардын жогорку саны 25 489га жеткен.

Жыйында чөмүлгөн 1 420 кишинин ичиндеги эң кары бир туугандардын бири.

Жыйында чөмүлгөн жаштардын бири.

Жергиликтүү жарчылар делегаттар менен бирге шаардын тургундарын жыйынга чакырып жүрүшөт.

Филиал сахнасы аябай чоң Львов опера театрын ижарага алган. Делегаттар украин элинин улуттук бийлери менен ырларынан ырахат алышкан. Кечки программа «Сенин ысмың — Жахаба» деген ыр менен аяктаган.

Жергиликтүү жарчылар Свирзький сепилинде цыган бийин бийлеп жатышат.

Жыйындын аягында жергиликтүү жарчылар жыйынга келген ишенимдештерин жакшы көрөрүн билдиришкен.