Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 13-ДЕКАБРЬ
УКРАИНА

Украинанын Луганск жана Донецк облустарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тартылып алынган Падышалык залдары

Украинанын Луганск жана Донецк облустарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тартылып алынган Падышалык залдары

Донецк облусу

ГОРЛОВКА. Падышалык залы куралчан кишилер тарабынан тартылып алынган.

  • 2014-жылдын июнь айынын аяк ченинде куралчан кишилер Вильямс Академик, 3а көчөсүндөгү Падышалык залын тартып алышкан. Алар электрондук жабдыктарды тоноп, эшигине жаңы кулпу салып, имаратты аскерлер жаткан жайга айландырып салышкан.

  • 2015-жылдын 13-апрелинде зал Жахабанын Күбөлөрүнө кайтарылып берилген.

Горловка шаары, Академик Королев көчөсү, 75

ГОРЛОВКА. Падышалык залы куралчан кишилер тарабынан тартылып алынган.

  • 2014-жылдын 5-июлунда куралчандар Падышалык залын ээлеп алышкан. Алар 2014-жылдын сентябрына чейин Падышалык залын аскерлер жата турган жай жана курал-жарактар сактала турган кампа катары колдонуп келишкен. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү кайрадан ал залда жолугушууларын өткөрө башташкан.

  • 2014-жылдын 12-октябрында куралчан кишилер жыйналыш жолугушуусу өтүп жаткан жерге кирип келип, жолугушууну токтотууну талап кылышкан. Алар православие дини чыныгы дин деп, ал эми Жахабанын Күбөлөрүн жакында Украинадан «түп-тамыры менен жок кыларын» айтышкан. Азыр Падышалык залын аскерлер жаткан жай катары колдонуп жатышат.

Донецк шаары, Карамзин көчөсү, 10

ДОНЕЦК. Падышалык залы куралчан кишилер тарабынан тартылып алынган.

  • Куралчандар 2014-жылдын 13-августунда Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залын тартып алып, аскерлер жаткан жай катары колдоно башташкан.

  • 2014-жылдын 19-августунда куралчандар залдагы үн күчөткүч аппаратты алып кетишкен. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү жолугушууларын кайрадан ошол залда өткөрө башташкан.

  • 2014-жылдын 18-октябрында жолугушуудан кийин «Оплот» деген 4-батальон Падышалык залына кирип келип, имаратты тартып аларын айтып Жахабанын Күбөлөрүн коркуткан.

  • 2014-жылдын 18-ноябрында куралчан кишилер Жахабанын Күбөлөрүнөн документке кол коюп, Падышалык залын Петров жана Киров райондорунун комендатурасына өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Алар залды аскерлер жашай турган жай катары колдонуп жатышат.

Горловка шаары, Герцен көчөсү, 4

ГОРЛОВКА. Падышалык залын жергиликтүү эл тартып алган.

  • 2014-жылдын 30-сентябрында Украинанын жергиликтүү телеберүүсүндө Падышалык залынын «жаңы кожоюну» менен маек курулган. Ал Падышалык залы Жахабанын Күбөлөрүнөн тартылып алынганын жана бокс үйрөтө турган мектеп катары колдонулуп жатканын айткан. 2013-жылдан тартып Падышалык залын бир канча жолу талкалап, өрттөгөнгө аракет кылышкан. Акыркысы 2014-жылдын 5-июнунда болгон.

ДОНЕЦК. Падышалык залы куралчан кишилер тарабынан тартылып алынган.

  • 2014-жылдын 26-октябрында Донецк Эл Республикасындагы «Шахтёр» батальону Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залын тартып алып, аны аскерлер жашаган жер катары колдонууда.

Ждановка шаары, Комсомолский көчөсү, 14

ЖДАНОВКА. Падышалык залы куралчан кишилер тарабынан тартылып алынган.

  • 2014-жылдын 27-октябрында Горловкадагы уюшулган куралчан топ коменданттын буйругу менен Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залын тартып алган. Горловкадагы коменданттын орун басары православие таза дин экенин, ал эми башка диндердин баары тыюу салынган диндер экенин айткан.

  • 2014-жылдын 21-ноябрында башка аскер тобунун башчысы Жахабанын Күбөлөрүнө Падышалык залы эми алардын көзөмөлү астында болорун айткан.

  • 2015-жылы 20-ноябрда алар залды таштап кетип калышкан. Жахабанын Күбөлөрү аны кайрадан колдоно башташкан.

Тельманово айылы, Первомайский көчөсү, 112

ТЕЛЬМАНОВО. Падышалык залын куралчан кишилер ээлеп алышкан.

  • Куралчандар 2014-жылдын 4-ноябрында Падышалык залын ээлеп алып, кайтартып коюшкан.

  • 2014-жылы 11-декабрда куралчан кишилер залга курал-жарактарын алып келип, аскерлер уюгуна айлантышкан.

Макеевка шаары, Печорский көчөсү, 17

МАКЕЕВКА. Падышалык залын куралчан кишилер ээлеп алышкан, бирок кийинчерээк таштап кетишкен.

  • 2014-жылдын 5-ноябрында «Русь» батальонунун аскерлери Падышалык залына кирип келишкен. Алар залдын ачкычын талап кылып, мындан ары залга келбешин буйруган. Кийинки күнү командирдин орун басары залдагы «Падышалык залы» деген жазууну алып салып, ордуна батальондун туусун илип койгон.

  • 2014-жылы 26-ноябрда батальон залды калтырып кетип калган.

ГОРЛОВКА. Падышалык залын куралчан кишилер тартып алышкан, бирок кийин таштап кетишкен. Анан кайра кайтып келишкен.

  • 2014-жылы 29-ноябрда куралчан кишилер Витчизняна, 105а көчөсүндөгү Падышалык залына кирип келип, зал эми аларга таандык болорун айтышкан. Алардын бири: «Донецк Эл Республикасы православие динин тутканга гана уруксат берет»,— деген. Куралчандар залды кайтартып, Жахабанын Күбөлөрүнө кайтып келүүгө тыюу салган. Эртеси залды таштап кетип калышкан.

  • 2016-жылы 22-июлда куралчан кишилер Падышалык залын ээлеп алып, жолугушууга келгендерге чыгып кетүүнү буйруган. Анан залды тоноп кетишкен.

Зугрэс шаары, Черняховский көчөсү, 1

ЗУГРЭС. Падышалык залын куралчан кишилер тартып алышкан.

  • 2014-жылы 20-декабрда шаардын коменданты Падышалык залы ага таандык экенин айткан. Ал Жахабанын Күбөлөрүнө залдын ачкычын беришин талап кылып, кайтып келүүгө тыюу салган.

  • 2015-жылы 19-апрелде Жахабанын Күбөлөрү залды кайтарып алышкан.

ДОНЕЦК. Падышалык залын куралчан кишилер тартып алышкан.

  • 2015-жылдын 1-февралында куралчан кишилер Падышалык залына кирип келишкен. Алар залдын ачкычын жана согуш маалында Падышалык залын колдонууга укук берген документке кол коюшун талап кылышкан.

  • 2016-жылы 29-февралда зал Жахабанын Күбөлөрүнө кайтарылып берилген. Бирок аябай эле талкаланып калгандыктан оңдоп-түзөө талап кылынган.

ЕНАКИЕВО. Падышалык залын куралчан кишилер тартып алышкан.

  • 2015-жылдын 3-мартында куралчан кишилер Жахабанын Күбөлөрүнөн, аскерлер жаткан жай кылыш үчүн, Падышалык залынын ачкычын беришин талап кылышкан.

ГОРЛОВКА. Падышалык залын куралчан кишилер тартып алышкан.

  • 2016-жылы 25-июлда куралчан кишилер Симферопольск, 9 көчөсүндөгү Падышалык залына кирип келип, 3 эле динди тутууга уруксат берилгенин, ал эми Жахабанын Күбөлөрүн «түп-орду менен жок кылууга» бүт күчүн жумшай турганын айтышкан.

Луганск облусу

Антрацит шаары, Коммунарский көчөсү, 4

АНТРАЦИТ. Падышалык залын жергиликтүү эл басып алган.

  • 2014-жылы сентябрь айында белгисиз кишилер Падышалык залындагы эки жолу кирип келишкен. Алар электрондук жабдыктарды тоноп, дубалга «Православие казактары!» деп жазып кетишкен.

  • 2014-жылы 25-сентябрда жергиликтүү телеберүүдө Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залдары башка максат үчүн, мисалы, бала бакча кылыш үчүн тартылып алынганы айтылган.

  • 2015-жылдын май айында зал Жахабанын Күбөлөрүнө кайрадан кайтарылып берилген.

Ровеньки шаары, Дзержинский көчөсү, 84а

РОВЕНЬКИ. Падышалык залы куралчан кишилер тарабынан тартылып алынган.

  • 2014-жылы 23-сентябрда «Ыйык Георгий» батальону Падышалык залына кирип келген. Алар Жахабанын Күбөлөрүнө залга кайтып келүүгө тыюу салган. Зал аскерлер жата турган жай катары колдонула баштаган.

  • 2015-жылы август айында зал Жахабанын Күбөлөрүнө кайтарылып берилген.

ПЕРЕВАЛЬСК. Падышалык залы куралчан кишилер тарабынан тартылып алынган.

  • 2014-жылы 5-ноябрда аскер комендатурасынын башчысынын орун басары куралчан кишилер менен Падышалык залына кирип келген. Алар Падышалык залын ашкана катары колдонорун айтышкан. Жетекчинин орун басары: «Жахабанын Күбөлөрүнүн күнү бүттү»,— деген. Ал мындан ары Жахабанын Күбөлөрү өз ишин жүргүзө албай турганын айткан.

Красный Луч шаары, Радянский көчөсү, 37

КРАСНЫЙ ЛУЧ. Падышалык залы куралчан кишилер тарабынан тартылып алынган.

  • 2014-жылы 5-декабрда куралчандар Падышалык залына кирип келишкен. Анан короого аскер машинелерин токтотуп, аскерлерге залды кайтартып коюшкан.

БРЯНКА. Падышалык залы куралчан кишилер тарабынан тартылып алынган.

  • 2015-жылы 26-мартта куралчан кишилер Падышалык залын тоноп, «Падышалык залы» деген жазуунун ордуна «Кудуреттүү Дондун аскери» деген жазууну илип коюшкан.