Мазмунун көрсөтүү

2017-жылдын 4-августунда антитеррористтик атайын түзүмдөр аскер кызматкерлери жана полиция кызматкерлери менен бирге Алчевск менен Лугансктагы Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуу үчүн чогулган имаратына кирип барып, ал жерде бомба бар деген шылтоо менен жолугушууну токтоткон

2017-ЖЫЛ, 13-ДЕКАБРЬ
УКРАИНА

Украинанын чыгыш жагындагы аймактарында дин тутуу эркиндигине коркунуч туулууда

Украинанын чыгыш жагындагы аймактарында дин тутуу эркиндигине коркунуч туулууда

Украинанын чыгыш жагындагы Луганск менен Донецктин айрым аймактарында тынбай болуп келаткан кагылышуунун кесепетинде абал өтө оордоп, тургундардын жашоосу уламдан улам кыйындап баратканына 4 жылдын жүзү болду. Ал аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрү ал кыйынчылыктардан тышкары, күч алып бараткан диний сабырсыздыктан жапа чегүүдө. Сыягы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салган Орусиядагы соттордун акыркы чечимдери таасир этүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айрымдары Орусияны туурап, карамагындагы аймактарда жашаган Жахабанын Күбөлөрүн кылмышкерлер катары айыптап, дин тутуу эркиндигин чектеш үчүн мыйзам бузууга жаткан ыкмаларды колдонууда.

Жасалма далилдер

Ал аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Орусиянын айыптоочуларын туурап, Жахабанын Күбөлөрүн каралаш үчүн жасалма далилдерди келтирүүдө.

  • 2017-жылдын июль айында Донецк элдик республикасынын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнүн диний журналдарынын өткөн сандарына чыккан эки макаланы экстремисттик материалдардын тизмесине киргизген. Жахабанын Күбөлөрүнө сот отурумдары тууралуу маалымат берилген эмес. Ошондой эле дароо күчүнө кирген соттун чечиминин көчүрмөсү да берилген эмес. Ошо себептен Жахабанын Күбөлөрү чечимге каршы экенин билдирип, доо арыз менен кайрыла алышкан эмес.

  • 2017-жылдын август айында Новоазовск менен Дебальцеводогу прокуратура жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрүнө эскертүү берип, «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» деп аталган диний журналдарын уруксат албай туруп, таратпашы керектигин буйруган. Мындай кылуу менен бийликтегилер атүгүл экстремисттик деп жарыяланбаган адабияттардын да таратылышына тоскоолдук кылууда. Ошондой эле эгер Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттары (кайсынысы болбосун) таратылса, жыйналыштын аксакалдары жоопко тартылат деп коркутууда. Кийинчерээк Макеевка шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнө да ушундай эскертүү берилген.

  • 2017-жылдын 4-августунда антитеррористтик түзүмдөр аскер кызматкерлери жана полиция кызматкерлери менен бирге Алчевск менен Лугансктагы Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуу үчүн чогулган имаратына кирип барып, ал жерде бомба бар деген шылтоо менен жолугушууну токтоткон. Имараттын ичиндегилерди сыртка чыгаргандан кийин бийлик өкүлдөрү жолугушууга келгендердин баарынын документтерин текшерип чыгышкан a.

Алчевскдеги Жахабанын Күбөлөрүнүн диний иштерин текшерүү маалы

Алчевскте бийлик өкүлдөрү имараттан бомба издеп жатышканын өздөрү алып келген камерага тартышкан. Камерага тартып жатып, Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын да тарта башташкан. Анан өздөрү ала келип, таштап койгон Луганск элдик республикасына b каршы үгүт жүргүзүлгөн китепчени «таап» алганын тартып коюшкан.

Диний иштерге тыюу салганын актаган негизсиз айыптар

Падышалык залын бир нече жолу текшергенден кийин Лугансктагы бийлик өкүлдөрү эч негизсиз эле Жахабанын Күбөлөрүн өлкөнүн душмандары катары сүрөттөгөн. 2017-жылдын 28-августунда Луганск аймагынын Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин өкүлү, Александр Басов, Жахабанын Күбөлөрүн каралаган расмий билдирүү жасаган. Ал Алчевсктеги Падышалык залына таштап коюп, кайра «таап» алышкан үгүт материалы Жахабанын Күбөлөрүнүн Луганск аймагындагы террорчулар деп эсептелген топторду колдойт деген ырастоосун тастыктап турарын айткан.

Украинадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Иван Ригер мындай дейт: «Коопсуздук министрлигинин өкүлү Александр Басов айткан Падышалык залынан ташталып, кайра „табылган“ материалды, сыягы, таап алгандар өздөрү эле таштап коюшкан. Калыбы, ал үгүт материалы Алчевскте таратылган, бирок аны Жахабанын Күбөлөрү тараткан эмес. Абийири аскер кызматын өтөөгө жол бербегени үчүн түрмөлөрдө отурган дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрү далилдегендей эле, алар да бейтараптуулугун сакташат. Украинада болгон кагылышта Жахабанын Күбөлөрүнүн бири да эч кимдин тарабын ээлеген жок» c.

Жахабанын Күбөлөрүнө көрсөтүлгөн кысым күч алууда

Ал аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн бир нечеси, полиция кызматкерлери тарабынан камакка алынбаса да, бийлик өкүлдөрүнүн аларга ишенгендери тууралуу башкаларга айтууга тыюу салганын билдиришкен. Жахабанын Күбөлөрүнүн көбүн коопсуздук кызматы чакырып, суракка алган. Сурак учурунда аларды коркутуп, диний иштерди уюштургандардын аты-жөнүн айтууга кысым көрсөткөн. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү рейд жүргүзүп, диний иштерине тоскоолдук кылышкан.

Диний кодулоонун күч алышы жана Луганск менен Донецктин айрым аймактарында жашаган Жахабанын Күбөлөрүнө көрсөтүлгөн кысым жөн гана ыңгайсыздык жараткан маселе эмес, бул диний куугунтуктун жүрүп жатканын, ошондой эле дин тутуу эркиндигине коркунуч туулуп жатканын айгинелеп турат. Жахабанын Күбөлөрүнө көбүрөөк сак болуу талап кылынууда. Алар тынчтыкта жүргүзгөн диний иштерин мындан ары да уланта алышы үчүн сот бийлигине кайрылып жатышат.

a Алчевсктеги эки аксакалды бир күн кечке суракка алышкан. Алар кагылышуу учурунда комендатуранын жанындагы Падышалык залында сыйынууга байланыштуу иштерин тынчтыкта өткөрүшкөнүн айтышкан. Бирок бир аксакалга согуш жүрүп жаткан маалда көп адамды чогултканы үчүн 5 000 рубль (83 АКШ доллары) жана Падышалык залындагы өрт коопсуздугун бузганы үчүн 3 000 рубль (48 АКШ доллары) айып пул салынган.

b Луганск элдик республикасы Лугансктын айрым аймактарына көзөмөлдүк кылат.

c 2014-жылдын жай айларында Украинанын президенти Донецк менен Луганск аймактарда чыккан кагылышууга байланыштуу жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Мурун аскер кызматкери болгон Виталий Шалайкого да чакырык келген. Бирок ал учурда Жахабанын Күбөсү болгондуктан, абийири аскердик кызматты өтөөгө жол бербей турганын билдирген. 2015-жылдын 23-июнунда жарандык жана кылмыш иштерин караган Жогорку адистештирилген сот Виталий Шалайконун атүгүл мобилизация учурунда да аскердик кызматтан баш тартууга укуктуу деп тапкан. Украинадагы дагы башка миңдеген Жахабанын Күбөлөрү ушундай көз карашка бекем карманат.