Мазмунун көрсөтүү

Хелен Бадж Брайл арибинде чегип жазган шайманын колдонууда

24-МАРТ, 2021
УЛУУ БРИТАНИЯ

Азиз болгонуна карабай Эскерүүгө байланыштуу өнөктүккө катышкан Хелен

Азиз болгонуна карабай Эскерүүгө байланыштуу өнөктүккө катышкан Хелен

 Хелен Бадж деген Жахабанын Күбөсү Эдинбургда (Шотландия) жашайт. Анын көзү көрбөйт. Бүткүл дүйнө жүзүн каптаган пандемиядан улам ал, бардык Жахабанын Күбөлөрүндөй эле, адамдарга жүзмө-жүз жолугуп, жакшы кабар айта албай калган. Ошентсе да Хелен Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине байланыштуу өткөн өнөктүккө колунан келишинче катышууга аракет кылган.

 Хелен адегенде Брайл арибин чегип жаза турган шайманы менен катка жаза турган сөздөрүн даярдап алган. «Бул мен үчүн кагаз менен калем саптай эле»,— дейт Хелен. Андан соң жазып алгандарын тууганына айтып турган. Ал болсо анын айткандарын катка жазып берген.

Брайл арибиндеги Эскерүү кечесине чакыруу баракчасы

 Хелендин апасы да, тайнеси да Жахабанын Күбөсү болчу. Ошол себептен Эскерүү кечеси — Хелен үчүн абдан маанилүү окуя. Андыктан дайыма ал кечеге мүмкүн болушунча көп кишини чакырганга аракет кылат. «Ушуну менен Эскерүү кечесине 70-жолу катышкан болом,— дейт ал. Жыл сайын Брайл арибинде Эскерүү кечесине чакыруу барагын алганда аябай сүйүнөм. Аны майда-чүйдөсүнө чейин билип алайын деп жакшылап окуп чыгам. Андан кийин кимдерге берсем болот деп ойлоном».

 Ырас, жагдайы кандай болбосун, дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын өлүмүн эскериш үчүн ушул жылы ишемби күнү, 27-мартта чогулушат (Лука 22:19).