Мазмунун көрсөтүү

Королдук соттун имараты. Бул жерде биринчи баскычтагы сот жана Англия менен Уэльстин апелляциялык соту жайгашкан

12-МАЙ, 2020
УЛУУ БРИТАНИЯ

Англия кимдер уюмубузга мүчө боло аларын чечүүгө укуктуу экенибизди бышыктады

Англия кимдер уюмубузга мүчө боло аларын чечүүгө укуктуу экенибизди бышыктады

2020-жылдын 17-мартында Англия менен Уэльстин апелляциялык соту бизди колдогон биринчи баскычтагы соттун чечимине каршы тараптын доо-арызын канааттандыруусуз калтырды. Сотто Ыйык Китепте бекитилген тартип боюнча жыйналыштан чыгаруу чарасын колдонууга укуктуу же укуктуу эмес экенибиз каралды.

Иштин чоо-жайын кылдат териштирген биринчи баскычтагы соттун чечиминде кимдир бирөөнүн Жахабанын Күбөсү болбой калганын жыйналышка кулактандыруу мыйзамды бузгандыкка же анын кадыр-баркын түшүргөндүккө жатпай турганы белгиленди. Ишти караган Сперман Ричард чыгарган чечиминде мындай жүйөлөрдү келтирди: «Ыйык Жазмадагы принциптерге жетектелип, аларга тыгыз карманган диний уюмдун күнөө кылган кишини жыйналыштан чыгарганы эң эле орундуу. Мындай чаранын көрүлгөнү акылга сыярлык, ал тургай, көп учурда зарылдык болуп эсептелет. Анткени Жазмада бекитилген принциптерге карманып жашай албаган же аны каалабаган киши ал диний жамааттын мүчөсү болууга татыктуу эмес. Андан сырткары, эгер чыгарылбаса, ал башка мүчөлөрүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал».

Биринчи баскычтагы соттун чечимине макул болбогон тарап апелляциялык сотко доо-арыз менен кайрылган. Апелляциялык сот аны «таптакыр негизсиз» деп таап, канааттандыруусуз калтырган дагы, биринчи баскычтагы соттун «туура» чечим чыгарганын, «диний уюмдун ушундай чараларды көрүүгө толук укуктуу» экенин баса белгилеген.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочусу Шейн Бреди чечимге карата оюн мындай деп билдирди: «Бул чечим Англиянын башка соттору, Адам укуктары боюнча Европа соту, Канаданын апелляциялык соттору, Континенталдык Европа менен Кошмо Штаттары чыгарган чечимдерге шайкеш келет. Ал чечимдердин баарында Жахабанын Күбөлөрү жыйналыштан чыгарууга укуктуу экени баса белгиленген».

Соттун Ыйык Китепте бекитилген тартипке ылайык, жыйналыштарыбызды рухий жана адеп-ахлактык жагынан коргоо укугуна ээ экенибизди бышыктап бергенине абдан кубанып жатабыз (1 Корунттуктар 5:11; 2 Жакан 9—11).