Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 5-СЕНТЯБРЬ
УЛУУ БРИТАНИЯ

Британиядагы жаңы филиалга эң жогорку сыйлык ыйгарылды

Британиядагы жаңы филиалга эң жогорку сыйлык ыйгарылды

ЛОНДОН. Жахабанын Күбөлөрү Британияда жаңы курулган имаратынын долбоору жана куруу ыкмалары үчүн курулуш жаатындагыларга берилген дүйнө жүзүндөгү эң жогорку сыйлыкка ээ болушту. Бул сыйлык Имараттардын экологиялык жактан натыйжалуулугуна баа берүү ыкмасы (ИЭЖНББЫ) боюнча бааланып, ыйгарылды. Жахабанын Күбөлөрүнүн ал имараты Лондондун чыгышынан 70 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Челмсфорд шаарына (Эссекс графтыгы) курулган. Ал имарат — ошол аймактагы ИЭЖНББЫ тарабынан эң мыкты деп баа берилген эки имараттын бири.

2017-жылдын 25-майында Жахабанын Күбөлөрүнүн Челмсфорддогу жаңы имаратына ИЭЖНББЫнын «эң мыкты» деген баа берилди. Ал — ушундай сыйлыкка ээ болгон эки имараттын бири.

ИЭЖНББЫ Имараттарды изилдеп баа берүү боюнча илимий борбор тарабынан иштелип чыккан. Ал курулуш долбоорлорунун канчалык бекем экенине, экологияга тийгизген таасирине көңүл бурат. Ошондой эле курулуш маалында энергиянын, жаңы технологиялардын, курулуш материалдарынын, жердин, унаанын, суунун кандай колдонулганын текшерет. Андан тышкары, айлана-чөйрөгө, адамдардын ден соолугуна зыян келтирилбегенине, имараттардын күтүлүшүнө да көңүл бурат. Баары текшерилгенден кийин «орто», «жакшы», «абдан жакшы», «мыкты» жана «эң мыкты» деген баа берилет. Челмсфорд шаардык кеңеши Жахабанын Күбөлөрүнө жаңы имаратын курууга уруксат берерден мурун аларды ИЭЖНББЫнын, бери дегенде, «абдан жакшы» деген баасына татыган бир талабын аткарууга милдеттендирген. Ал талапка ылайык, долбоор айлана-чөйрөгө зыян келтирбегендей болушу керек. Нейл Жордан — Челмсфорд шаардык кеңешинин табиятка зыян келтирбеген курулуш долбоорлорун көзөмөлдөгөн жетекчи — Жахабанын Күбөлөрүнүн долбоору тууралуу мындай деген: «Жахабанын Күбөлөрүнүн коюлган талаптарга толугу менен жооп берип, атүгүл шаардык кеңеш күткөндөн да көптү кылганы бизге абдан жакты. Ошондой эле алар курган имарат шаарыбызды көркүнө чыгарган имараттардын бири болуп калды. Аны айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылынган, жогорку талаптарга жооп берген үлгүлүү долбоор болду десек болот».

Көңүлгө аларлык дагы бир нерсе, долбоордо жашылдандыруу ишине байланыштуу акыркы ыкмалар колдонулгандыктан, «эң мыкты» деген баага арзыды. Жахабанын Күбөлөрү курулуш жүрүп жаткан жерге жумушчулар үчүн турак-жай курушкан. Ошондой эле чакан автобустарды жана бир нерсе ташууда табиятты көп булгабай турган ыкмаларды колдонушкан. Мунун аркасында көмүртектин бирикмелеринин абага бөлүнүп чыгышын 2 480 тоннага азайтышкан. Ошентип, Жахабанын Күбөлөрү биринчилерден болуп ИЭЖНББЫнын «инновация сыйлыгына» ээ болушту. Жордан мырза түшүндүргөндөй, долбоорду ишке ашырууда «көмүртектин бирикмелеринин абага бөлүнүп чыгышын азайтуу жагынан жаңы ыкмалар иштелип чыккан. Мындан тышкары, айрым жактардан ИЭЖНББЫнын көзөмөлү алдында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мурун башка долбоорлордо ишке ашпай келген нерселер да ийгиликтүү аткарылган».

Паллаб Чаттерьи мырза, ИЭЖНББЫнын баа берүү боюнча адиси

ИЭЖНББЫнын баа берүү боюнча адиси Паллаб Чаттерьи мырза Жахабанын Күбөлөрү менен кызматташканы жана алардын көпчүлүк менен кандай иш алып барганы туурасында мындай деп ой бөлүшкөн: «Алардын курулуш маалында бири-бирине достордой мамиле кылып, күлүп-жайнап жүргөнү аябай жакты. Мындайды чанда эле көрөсүң. Жахабанын Күбөлөрү долбоорун ишке ашырууда ИЭЖНББЫнын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарына жооп берүүгө мүмкүн болушунча аракет кылышты. Алар [тек гана] ИЭЖНББЫнын жогорку сыйлыгын алыш үчүн эмес, энергияны үнөмдөп, жаратылышка колдон келишинче аяр мамиле кылууга ынтызар болгондуктан ушундай кылышты. Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү элдин жана келечекте ошол имараттарда жашап, иштей тургандардын оюн эске алганына таң калдым. Жахабанын Күбөлөрү менен кызматташуу аябай жагымдуу болду».

Жахабанын Күбөлөрүнүн Британиядагы филиалынын өкүлү Эндрю Скоуфилд мындай дейт: «Дээрлик 60 жылдай убакыттан бери Британиядагы кабар айтуу ишин көзөмөлдөө Лондондон жүргүзүлүп келген. Ыйык Китепке негизделген адабияттарга жана башка нерселерге болгон суроо-талап барган сайын өсүп жаткандыктан, бизге чоңураак имарат керек болду. 2015-жылдын апрель айында аянты 34 гектар болгон жерди курулушка даярдай баштаганбыз. Иш, буйруса, 2019-жылдын аягына чейин бүтөт».

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Улуу Британия: Эндрю Скоуфилд, тел.: +44-20-8906-2211