Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 17-ИЮЛЬ
УЛУУ БРИТАНИЯ

Жахабанын Күбөлөрү Лондондогу өрттөн жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө

Жахабанын Күбөлөрү Лондондогу өрттөн жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө

Жахабанын Күбөлөрү өрттөн жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө. 2017-жылдын 14-июнунда таңга маал Лондондун Түндүк Кенсингтон районундагы Гренфелл-тауэр имараты — 24 кабаттуу турак үй — өрттөнүп кеткен. Бийлик өкүлдөрү, бери дегенде, 79 кишинин каза болгонун билдиришкен.

Ошол имараттагы 4 Жахабанын Күбөсү аман калган. Алардын экөө ошол үйдө жашашчу. Жахабанын Күбөлөрүнүн үйү толугу менен күйүп кеткен ошол турак үйдө болсо да, бактыга жараша, эч ким жаракат алган эмес. Өрт чыккан жерге жакын жашаган Жахабанын Күбөлөрү ишенимдештерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүп, аларды тамак-аш, кийим-кече, акча-каражат менен камсыз кылышкан. Жахабанын Күбөлөрү Түндүк Кенсингтон районундагы кайгырып жаткан адамдарга Ыйык Китепте жазылгандарды айтып берип, жубатууда.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Улуу Британия: Эндрю Cкофилд, тел: +44-20-8906-2211